Кыргызстан 93-орунда, Тажикстан 99-орунда: Дүйнөдөгү эң күчтүү армиялардын рейтинги

Эл аралык “Global Firepower” компаниясы жыл сайын дүйнөдөгү эң күчтүү армиялардын рейтингин жарыялап турат. Баалоодо дээрлик 50 көрсөткүч: анын ичинде аскер күчтөрүнүн саны, техникалык камсыздоо, каржылоо жана жоокерлердин мобилдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү сыяктуу критерийлер эске алынган.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан эң жакшы натыйжаларга жетише алды: республика рейтингде 51-орунга чыкты. Казакстан 61, Түркмөнстан 86 жана Кыргызстан 93-орунда жайгашкан. Ал эми Тажикстандын армиясы 99-сапка илинген.

Ошол эле учурда “Global Firepower” тизмесине Ооганстан да кирген. Республика 75-орунда турат.

Рейтингде биринчи орунду АКШ, экинчи орунду Орусия жана үчүн орунду Кытай ээледи.

Эксперттер төртүнчү орунду Индияга, бешинчи орунду Японияга беришти. Дүйнөдөгү эң күчтүү армиялардын ондугуна ошондой эле Түштүк Корея, Франция, Улуу Британия, Бразилия жана Пакистан да кирди.

Ал эми Иран өлкөсү рейтингде 14-орунду ээледи.

Жалпысынан “Global Firepower” рейтингине 140 өлкө кирген. Рейтингде эң акыркы саптарга Бутан, Косово жана Либерия илинген.

Эң күчтүү армиясы бар алдыңкы жүздүккө кирген өлкөлөрдүн рейтингин бул шилтемеден көрүүгө болот.

Комментарий жиберүү