А. Жапаров келерки жылы бюджетти 400 млрд. сомго кайдан толтурарын айтты

27-октябрда Парламенттин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кийинки жылы бюджетти кантип 400 млрд. сомго көтөрөрүн түшүндүрүп берди.

Жыйынды Парламент 2022-жылга карата бюджеттин долбоорун биринчи окуудан колдоду. Финансы министри Алмаз Бакетаев баяндама жасап, кийинки жылы консолидацияланган бюджет 400,7 миллиард сомго жетерин билдирди.

Министрдин баяндамасынан кийин депутат Таабалды Тиллаев мындай чоң планды колдош керек экенин, бирок мындай көп сумманы каяктан аларына кызыгып, Министрлер кабинетинин төрагасына суроо узатты.

Министрлер кабинетининин төрагасы Акылбек Жапаров бюджетти толтуруу боюнча планын айтып берди.

Анын айтымында, негизги киреше булагы салык менен бажы тармагынан күтүлөт. Ошондой эле, бийликтин саясий эркине ишенип турганын айтты.

“Бажы кызматына 50 миллиарддан ашык жана Салык кызматына да 50 миллиарддан ашык кошуп атабыз, Атайын каражаттар жана салыктык эмес кирешелер менен жалпы жонунан 2 миллиард долларга жакын (болжол менен 170 миллиард сом) кошумча акча алабыз деп жатабыз. Ушунун баары Салык кодекси менен иреттелет. Бизде саясий эрк бар, мен ошого ишенем. Быйыл 6-7 тоннанын тегерегинде алтын ала турган болсок, эмдиги жылы 15-18 тоннага чейин алабыз. Анын таза кирешеси 300дөн 400 миллион долларга чейин барат деп болжолдоп жатабыз. Ошентип кен казуучулардан дагы чоң киреше тапканы турабыз”, – деди А. Жапаров.

Ошондой эле ал, “Эмдиги жылы Бажы кызматына 50 млрд сом кошулса, демек жыл сайын ошончо акча бирөөнүн чөнтөгүнө түшүп  жүргөн болот. Биз ошонун баарын жокко чыгаралы деп жатабыз. Мен ушундай тапшырма менен Министрлер Кабинетинин төрагасы болуп келдим”, – деп баса белгиледи.

Комментарий жиберүү