Мектеп: кийинки жумадан баштап каникул

Өлкөдө мектеп окуучуларынын күзгү каникулу 8-ноябрда башталат.

Ал эми 15-ноябрдан кайрадан окуу улантылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Быйыл Кыргызстанда билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталган. Бул – коронавирустук пандемияга байланыштуу массалык эмдөө ишине байланыштуу болгон. Мындан улам окутуу тартиби 5 күндүк мектептерде 6 күнгө созулган.

Былтыр мартта өлкөдө COVID-19 вирусу алгач аныкталганда бардык билим берүү мекемелери аралыктан окууга өтүп, дээрлик бир жарым жыл толук ачылбай турду.

Өлкөдө жалпысынан 2200дөй мектепте миллиондон ашуун окуучу билим алат.

Комментарий жиберүү