Кыргызстан менен Иран темир жол коридорун ачууну талкуулашты

Кечээ, 27-октябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Саид Харразини кабыл алды.

Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө иран элчиси министр Казакбаевге Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир-Абдоллахияндын атынан Иранга иш-сапары менен келип кетүүгө расмий чакыруусун тапшырды.

“Тараптар кыргыз-иран эки тараптуу мамилелеринин абалын, ошондой эле Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы  эки тараптуу кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде Бишкек шаарында ирандык Соода үйүнүн ачылышы, Бендер-Аббас деңиз портунун транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен, Иран-Түркмөнстан-Өзбекстан-Кыргызстан жаңы темир жол корридорунун ачылышы, туристтик байланыштарды өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ортосундагы авиакаттамдардын жыштыгын жана санын жогорулатуу, ошондой эле иран тарабынын Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорун ишке ашырууда катышуусу жөнүндө талкуулашты”, – деп айтылат билдирүүдө.

Министр Казакбаев иран компанияларын Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына, анын ичинде Ысык-Көл облусунда туризм инфраструктурасын өнүктүрүүгө инвестициялоого чакырды.

Ал ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелеринин орнотулушунун 30 жылдыгынын алдында 2022-жылы Кыргызстан менен Иранда бир катар юбилейлик иш-чараларды, анын ичинде эки өлкөнүн маданий, илимий ишмерлеринин, спорттук жана ишмер чөйрөлөрүнүн катышуусунда маданият жана кино күндөрдү, музыкалык-фольклордук фестивалдарды, спорттук мелдештерди өткөрүүнү сунуштады.

“Эки тараптуу дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгында эки өлкөнүн делегацияларынын өз ара расмий сапарлары менен белгиленет. Тараптар Бишкек шаарында өтө турган кыргыз-иран Өкмөттөр аралык комиссиясынын 13-жыйынын өткөрүшөт”, – деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун аягында, тараптар Ооганстандагы кырдаалдын өнүгүшүнүн келечеги жөнүндө пикир алмашышты жана бул өлкөдө тынчтыкты орнотууга, ошондой эле жалпы региондо туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга багытталган биргелешкен жана координацияланган күч-аракеттерди улантууга бекем даярдыгын  билдиришти.

Министр Казакбаев Иран Ооганстанда тынчтык жана туруктуулукту орнотууда маанилүү роль ойной турганын баса белгиледи.

Ал Ооганстанда террордук топтордун болушуна жана алардын Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна тийгизген терс таасирине тынчсыздануусун билдирип, республикадагы акыркы террордук актыларды айыптады.

Комментарий жиберүү