Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 12 млрд. куб метрден төмөн түшүп кетти

3-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 11,898 млрд. куб метрди түздү.

Бул тууралуу «Электр станциялары» ААК маалымдады.

Маалыматка ылайык, суу бир ай ичинде 408,22 миллион метр кубга азайган. 2020-жылдын ноябрь айына салыштырмалуу – 2,8 млрд. куб метр айырмачылык бар.  Былтыр бул күнү суу сактагычта 14,7 миллиард метр куб суу болгон. Бүгүнкү күндө суу сактагычта суунун чыгымы секундасына 458 метр кубду, агып кириши секундуна 198 метр кубду түзүүдө.

Быйыл суунун аздыгынан Кыргызстан энергетикалык каатчылыкка кабылды. Энергетиктер жылытуу мезгилинен кийин суу сактагычта 6-7 миллиард куб метр гана суу калышы мүмкүн деп чочулашууда. Бул Токтогул ГЭСинин токтоп калышына алып келиши мүмкүн. Мындай абалдын алдын алуу үчүн энергетиктер электр энергиясын үнөмдөп, коңшу өлкөлөрдөн сатып алуунун аракетин көрүүдө. Бирок адистер электр жарыгын өчүрүп үнөмдөбөсө, суунун керектүү көлөмүн сактап калуу мүмкүн эместигин айтышууда.

Комментарий жиберүү