Кыргызстан Орусиядан тик учак жана учкучсуз аппараттарды алат

Кыргызстан Орусиянын “Рособоронэкспорт” ишканасынан Ми-17В-5 тик учагын жана Мамлекеттик чек ара кызматы үчүн “Орлан-10Э” деп аталган учкучсуз аппараттын көп функционалдуу комплекстерин сатып алат.

Бул боюнча келишимге 29-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резинециясында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен “Рособоронэкспорт” акционердик коомунун жетекчиси Александр Михеевдин жолугушуусунда кол коюлганын аталган комитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Эки тарап Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты. Ошондой эле, Ми-8 МТВ тик учактарын оңдоо, аларга тетиктерди жеткирүү жана агрегаттарды түзөтүү боюнча да макулдашылган.

Бегилей кетсек, бийлик жаңы техника алып, колдо барын оңдоп-түзөөгө ниеттенип жатат. Акча республикалык бюджеттен бөлүнмөкчү.
Буга чейин Ташиев бийлик Түркиядан “Байрактар” аппараттарын сатып алып жатканын билдирген.

Комментарий жиберүү