Көмүрдүн баасын 4500 сомдон ашыргандарга чара көрүлөт

Көмүрдүн кымбаттап кетишин токтотуу максатында өкмөттүн кабыл алган токтомуна ылайык, кара алтындын баасын үч ай бою көзөмөлдө турат.

Ал эми монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги бекиткен баа боюнча, Бишкек шаарында көмүрдүн бир тоннасы 4 500 сомдон кымбат сатылбашы керек. 

Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басылмала жазышты.

Агенттик көмүрдү койгон баадан кымбат саткандарга алгач эскертүү берилерин айтып, эгер аны аткарбаса жеке тараптарга 3 000 сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынарын билдирет.

Бишкек шаарында көмүргө бекитилген баа:

Кара-Жыра (Казакстан) — 4 500 сом;
Шабыркүл (Казакстан) — 4 500 сом;
Кара-Кече — 4 400 сом.

Эгер Бишкекте сатуучулардын көмүрдү көрсөтүлгөн баадан кымбат сатып жатканын көрсөңүздөр, төмөнкү телефондорго чалып кайрылсаңыздар болот:

Агенттиктин борбордук аппараты — 0 (312) 56-33-37, 56-32-19;
Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүмдөрү — 66-14-15, 66-48-06.

Комментарий жиберүү