Кыргызстан чакан ГЭСтерди салууну көбөйтпөсө, абал оорлой берет

Азыр Ош шаарынын четиндеги Озгур айылында 1 мВт.тык чакан ГЭС курулуп жатат.

Аны бир айга жакын аралыкта пайдаланууга берүү күтүлүүдө. Бул болжол менен 400 үй-бүлөнү жарык менен камсыз кыла алат дейт чакан ГЭСти куруп жаткан “Ак Буура Групп” ишканасынын жетекчиси Дүйшөн Муратов.

Аталган компания мындан сырткары, дагы 3 долбоорду баштаганы турат. Алар Баткен облусунун Исфайрам суусуна кубаттуулугу 12 жана 16 мВт түзгөн эки чакан ГЭС жана алыскы Зардалы айылына 29 мегаватты түзгөн дагы бир чакан ГЭС курат.

Быйыл Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы күчөдү. Мындан улам, бийлик ишкерлерди чакан ГЭСтерди салууга чакырып, райондук, облустук жетекчилерге ишкерлерге бут тоспой, тескерисинче бардык шарттарды түзүп берүүнү эскертишүүдө.

Суу башы болгон Кыргызстанда электр энергиясына болгон кризис көп жылдан бери чечилбей келет. Быйыл биздин өлкө Казакстандан 900 млн., Өзбекстандан 750 млн, Түркмөнстандан 501 млн., Орусиядан 2 млрд. кВт/сааттан ашык электр энергиясын ала турган болуп атат. Ал эми азыр Тажикстандан күнүнө 1 млн. кВт саат электр энергиясын алуудабыз.

Ошентип Кыргызстан быйыл дээрлик бардык кошуналардан ток сатып албаса, кыштан чыга албай турган болууда. Өкмөт энегетикалык кризистен 2023-24-жылдары толугу менен чыгат деп болжоп жатат.

Мындай көйгөйлөр көп жылдан бери болгону менен, бийлик, электр энергиясына болгон бааны көтөрө албай келет. Анын ордуна алдыдагы 4 жылда тарифти инфляциянын деңгээлине жараша өзгөртмөй болгон. Башкача айтканда, баа акырындап этап-этабы менен көтөрүлөт.

Комментарий жиберүү