Ливиянын мурдагы диктаторунун уулу Аль-Саъеди Каддафи түрмөдөн бошотулганын өлкөнүн бийликтери жарыялашты. Белгилей кетсек, Аль-Саъеди 2011-жылы Араб жазы көтөрүлүшү учурунда бийликтен кулатылган диктатор Муаммар Каддафинин үчүнчү уулу.Ал-Саъеди Каддафи абактан чыккандан көп өтпөй Стамбулга учуп келгени айтылууда.Кээ бир маалыматтарга ылайык, маалымат булактары Каддафинин уулу өлкөнүн жогорку өкүлдөрү, ошондой эле Ливиянын премьер-министри Абдель Хамид Дабиба менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин бошотулганын ырасташкан. Сүйлөшүүгө Ливиянын мурдагы ички иштер министри Фатхи Башака да катышкан.Эске салсак, Саъеди Каддафи 2018-жылы Ливиянын Юстиция министрлиги тарабынан “киши өлтүрүү, алдамчылык, коркутуу, кулчулук жана мурдагы…
Прочитайте большеСаясат
Ооганстандын өкмөтүн Абдул Гани Барадар жетектеши мүмкүн
Буга чейин Ооганстандын өкмөтүн талиптердин лидери Хайбатулла Ахунзад жетектээри айтылган. Бирок, кийинчерээк молдо Абдул Гани Барадар Ооганстандын өкмөт башчысы болуп калышы мүмкүн экени кабарланган. Ошондой эле, жетекчилик кызматтарга жаңы талапкерлер белгилүү болду: молдо Мухаммад Якуб жана Шер Мухаммад Аббас.Бул маалыматты Рейтер агенттиги “Талибан” кыймылынын бир нече булактарына таянып кабарлады.Белгилей кетсек, буга чейин Барадар Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин башчылыгына талапкер экени айтылган.Учурда Коргоо министрлигинин башчысынын кызматын Американын Гуантанамо түрмөсүнүн мурдагы туткуну Абдул Каюм Закир ээлейт.Эске салсак, Ооганстан өзүнүн болочок өкмөтүн түзүү процесси акыркы этабына кирди.
Прочитайте большеВладимир Зеленский менен Жо Байдендин сүйлөшүүлөрү кандай аяктады?
АКШ Крымдын Орусияга кошулушун тааныбайт. “Америка Кошмо Штаттары Украина менен бирге Орусияны баскынчылыгы үчүн жоопко тартуу үчүн ишин уланта берет”, – деп жазылган Зеленскийдин сайтында. Белгилей кетсек, Ак үйдө Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын президенти Жо Байдендин жеке жолугушуусу өттү.Мамлекет башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыгында Украина президентинин расмий сайтында жарыяланган биргелешкен билдирүү жарыяланган. Эки өлкөнүн башчыларынын күн тартибинде коопсуздук жана коргонуу, адам укуктары менен эркиндиктери, энергетикалык коопсуздук жана экономика темалары жана президенттер климаттын өзгөрүүсү боюнча маселени талкуулашты. Мындан тышкары өлкөлөр…
Прочитайте большеӨзбекстан «Талибан» менен алака түзүүдө
Ооганстанда талибандар бийликке келгенден бери коммерциялык жүктүн биринчи партиясы өлкөгө Өзбекстандан жеткирилген. Бул тууралуу Pajhwok Ооган соода палатасынын билдирүүсүнө таянуу менен жарыялады.Белгилей кетсек, Өзбекстан Ооганстанга чектеш Балх провинциясындагы Хайратон порту аркылуу эки поезд менен товарларды жеткирип берген. Ал эми буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкенттин Ооганстанга азык-түлүк жеткирүүгө даяр экенин жарыялаган. Товарлардын арасында эң керектүү буюмдар жана азык-түлүктөр болгон.Ооган элине жардам көрсөтүү үчүн Мазари-Шариф (Балх провинциясы) багытындагы жалгыз темир жол болгон Термез-Хайратон көпүрөсү убактылуу ачылды.Шавкат Мирзиёевдин айтымында,…
Прочитайте большеЛавров Ирандын жаңы ТИМ жетекчисин куттуктады
Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Ирандын Тышкы иштер министрлигинин жаңы башчысы Амир Абдуллахиянды кызматына талапкерлиги тастыкталгандыгы менен куттуктады. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.Бул билдирүүдө: “Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Иран менен Орусиянын ортосундагы кызматташтыктын деңгээлине канааттангандыгын билдирет”- деп белгиленген.Белгилей кетсек, Иран Ислам Республикасынын жаңы президенти Ибрахим Реиси шайланып, кызматы бекитилгенден кийин, министрлер кабинети да алмашууда.Ушул жуманын башында президент, Абдуллахияндын талапкерлигин көрсөткөндөн кийин Ирандын Межлиси (парламенти) аны тышкы иштер министри кылып бекитти.Жаңы министрге 286 депутаттын 270и…
Прочитайте большеАКШ Ашраф Ганиден уурдап кеткен акчаны кайтарууну талап кылды
АКШ Конгрессиндеги республикачылар партиясынын өкүлдөрү Ашраф Ганиден уурдап кеткен акчаны кайтарууну талап кылышты. Республикалык Өкүлдөр палатасынын көзөмөлдөө комитетинин мүчөлөрү АКШнын Ооганстанга жардам катары берилген 169 млн. долларын уурдаган деп шектелген Ашраф Ганинин аракетин иликтөөнү башкы прокурордон суранышты.Белгилей кетсек, Ак үйдүн мүчөлөрү Башкы прокурор Меррик Гарландга жана мамлекеттик катчы Энтони Блинкенге жазган катында Байдендин администрациясын экс-президент Гани уурдаган каражаттарды кайтарып алуу үчүн колунан келгендин бардык аракеттерин кылууга үндөштү.Бул боюнча Кентукки жана Висконсин штаттарынын өкүлдөрү Жеймс Комер менен Гленн Гроссман, “Ашраф Гани 169 млн. доллар накталай…
Прочитайте большеЛавров: Орусия АКШнын аскерлерин Борбор Азияда көргүсү келбейт
«Орусия америкалык аскерлерди Борбор Азия өлкөлөрүндө көргүсү келбейт”, – деп билдирди Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров маалымат жыйынында. Орусия америкалык аскерлердин Борбор Азияда катышуусуна кандай карайт?,- деген суроого жооп берип жатып: «Жок, мен муну чындап айтам. Биринчиден, бизде жалпы коопсуздук мейкиндиги бар. Жана бул мейкиндиктин өзүнүн милдеттенмелери бар. Мен Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмун айтып жатам, ал бардык союздаштардын өз аймагына чет элдик куралдуу күчтөрдү жайгаштырууга байланыштуу маселелер боюнча макулдугун талап кылат “, – деп…
Прочитайте большеАшраф Гани кечирилет, анын бир тууганы талибандарга кошулду
Ооганстандан качып кеткен президент Ашраф Ганинин бир тууганы Хашмат Гани Ахмадзай “Талибан” кыймылына кошулду. Бул тууралуу уюмдун Twitterдеги билдирүүсүндө айтылат.Белгилей кетсек, 60 жаштагы Хашмат Гани 2002-жылдан бери “Кучи” (Ооганстандагы пуштундарга жакын этникалык топ) Улуу Кеңешинин төрагасы. Мындан тышкары, ал жеке жана мамлекеттик кардарларга коопсуздук кызматтарын көрсөтүп, ошондой эле импорт, экспорт, курулуш жана кыймылсыз мүлктү камтыган The Ghani Group компаниялардын конгломератын жетектейт.РИА Новостинин маалыматы боюнча,The Ghani Groupтун штаб-квартирасы Кабулда жайгашкан жана анын филиалдарынын бири Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) эң чоң шаары…
Прочитайте большеИран Шанхай Кызматташтык Уюмуна толук кандуу мүчө болот
Москва Тегерандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) толук мүчө болуу өтүнүчүн колдойт. Бул тууралуу Орусиянын Ирандагы элчиси Леван Жагарян РИА Новостиге берген маегинде билдирди. «Бир катар эл аралык жана регионалдык маселелер боюнча жакын жана бири-бирине дал келген позицияларыбыз бар. Ушул жылдын сентябрь айында Дүйшөмбү шаарында өтүүчү ШКУнун саммитине байланыштуу Ирандын бул Уюмга толук кандуу мүчөлүк алуу өтүнүчүн Орусия колдоорун ырастагым келет », – деп айтты дипломат.Эске салсак, Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ) туруктуу өкмөттөр аралык эл аралык уюм болуп саналат,…
Прочитайте большеПутин: Ооганстандагы абал Орусияга жана Борбор Азиянын коопсуздугуна коркунуч туудурат
Орусиянын президенти Владимир Путин «Единая Россия» партиясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда Ооганстандагы абалга баа берди. Орус лидеринин айтымында, учурда оогандык качкындарды Борбор Азия өлкөлөрүнө жайгаштыруу коркунучтуу. Анткени, миңдеген качкындар арасында ар кандай террордук топтор болушу мүмкүн. Ал эми Орусияга коңушу өлкөлөрдөн визасыз кирип чыгууга мүмкүн болгон соң, Орусияга да бир катар террорчулар кирип кетиши толук ыктымал.“Биз үрөйдү учурган окуяларга 1990-2000 жылдары күбө болгонбуз. Ооганстандагы бүгүнкү көрүнүштөр ал убакта Түндүк Кавказда да болгон жана ага эч ким кайтып…
Прочитайте большеПрезиденттин кереги жок: Ооганстанды бир нече адам башкарышы мүмкүн
“Талибан” кыймылына президенттин кереги жок, ошондуктан кыймыл Ооганстанды башкаруу үчүн 12 кишиден турган кеңеш түзүүнү көздөп жатат. “Талибан” Ооганстанды башкаруу үчүн 12 кишиден турган кеңеш түзүүгө ниеттенүүдө, анын ичинде өлкөнүн мурдагы өкмөтүнүн айрым мүчөлөрү бар. Бул тууралуу “Foreign Policy” журналы кыймылдын лидерлерине таянуу менен жазды. Маалыматта белгиленгендей, талибтер Ооганстанда президент же башка жалгыз лидердин кызматын калыбына келтирүүнү каалашпайт. Ошол эле учурда, Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн кеңешиндеги эң таасирдүү үч адам: талибтердин саясий канатынын лидери Абдул Гани Барадар,…
Прочитайте большеАКШ Ооганстанга 20 жылдын ичинде 2 трлн. доллар сарптаган
АКШнын Ооганстанда 20 жыл болушунун натыйжасында 240 миң киши каза болуп, 2 трлн. доллардан ашык каражат сарпталды. Ооганстандагы кырдаалды көзөмөлгө алуу максатында АКШ өлкөдө 20 жыл бою өз аскерин жайгаштырган.Браун университетинин Коомдук байланыштар жана эл аралык иштер институту 2001-жылдын күзүндө башталган АКШнын Ооганстандагы согушунун баасы 2,26 трлн. долларды түзгөнүн жарыялаган. Белгилей кетсек, бул чыгымдар Американын Коргоо департаменти жана Мамлекеттик департамент тарабынан каржыланган.Ошондой эле, бул согуштун натыйжасында 241,000 адам түздөн-түз өлтүрүлгөн. Акыркы 20 жылдагы согушта жалпысынан 2,448…
Прочитайте больше“Талибан”: Кытай Ооганстанды калыбына келтирүүдө чоң роль ойной алат
“Талибандын” өкүлү Сохейл Шахин: «Пекин Ооганстанда тынчтыкты жана ички ынтымакты өнүктүрүүдө конструктивдүү роль ойноду жана биз каалагандай Ооганстанды калыбына келтирүүгө салым кошо алат”,- деп билдирди. Белгилей кетсек, ал Кытайдын CGTN каналына берген интервьюсунда: “Кытай – гигант экономикасы жана чоң өндүрүштүк кубаттуулугу бар ири өлкө. Менимче, алар Ооганстанды реконструкциялоодо, модернизациялоодо жана реабилитациялоодо абдан чоң роль ойной алышат”, – деп кошумчалады.Эске салсак, өткөн айда Кытайдын тышкы иштер министри Ван И түндүк порт шаары Тяньцзинде талибдердин делегациясы менен жолугушкан.Жолугушууда Ван…
Прочитайте большеОоганстанда 1 трлн. долларга жакын пайдалуу кендер бар
Ооганстан жакыр эмес, анын тоолорунда 1 трлн. долларга жакын баалуу кендер катылган. Эксперттердин божомолунда, талибдер электромобилдерди чыгарууда колдонулуучу көп жолу колдонулуучу батареяларды өндүрүү үчүн литий кендерин иштете башташы күмөн, бирок Кытай Кабулда бийлик алмашуудан биринчи пайда алуучусу болушу мүмкүн.Мындай билдирүүнү CNN телекомпаниясы АКШ бийлигинин маалыматына жана эксперттердин пикирине таянуу менен жасады. Эске салсак, бул божомолду 2010-жылы АКШнын Коргоо министрлиги билдирген.Билдирүүгө ылайык, Ооганстандагы пайдалуу кендер 1 трлн. долларга жакын деп бааланат. Алар биринчи кезекте темир, жез…
Прочитайте большеОрусия ТИМи: Орусия Борбор Азияда орус тилдүү калкты басмырлоо учурларын каттайт
Орусия Борбор Азиянын бир катар өлкөлөрүндө орус тилдүү калкты басмырлоо учурларын көзөмөлгө алууну чечти. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдиргенин жазды.«Биз интернеттеги акыркы материалдар, Казакстандагы, Кыргызстандагы окуялар тууралуу кабардарбыз. Алар орус коомунда кеңири резонанс жаратты. Тилекке каршы, муну биз биринчи жолу көрүп жаткан жокпуз. Тышкы иштер министрлиги, биздин Нур-Султандагы жана Бишкектеги элчиликтерибиз бул чектен чыгууну тез арада жөнгө салышты. Мен коомдук реакцияны эле эмес, практикалык кадамдарды да айтып жатам»,…
Прочитайте больше