Иран президентинин Катарга болгон сапарынын алкагында бир топ келишимдерге кол коюлду

Эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрү Доха менен Тегерандын ортосундагы экономика, энергетика, каржы, транспорт жана туризм сыяктуу тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюнча келишимдерге кол коюшту.

Доха шаарында Катар менен Ирандын бийлик өкүлдөрү Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен Ирандын президенти Ибрахим Раисинин катышуусунда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бир катар келишимдерге кол коюшту.

Кол коюу аземин “Al Jazeera” телеканалы түз алып көрсөттү.

Катардын тышкы иштер министри Мохаммед бен Абдель Рахман Аль Тани менен Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан элчиликтердин консулдук бөлүмдөрүнүн иши жана эки өлкөнүн жарандарына виза берүү тартибин жөнөкөйлөтүү боюнча бир катар документтерге кол коюшту.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрү Доха менен Тегерандын ортосундагы экономика, энергетика (анын ичинде газ тармагы), каржы, транспорт жана туризм сыяктуу тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюнча келишимдерге кол коюшту.

Биргелешкен маалымат жыйын

Кол коюу аземинин соңунда Катардын эмири менен Ирандын президенти биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүшүп, жолугушуулары тууралуу сөз кылышты.

“Биз Иран президенти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, анын жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерге жана бир катар тармактарга, анын ичинде экономика, инвестиция, энергетика жана туризмге байланышкан орчундуу маселелерди талкууладык. Анын жүрүшүндө бир нече маанилүү келишимдерге жана өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумдарга кол коюлду”, – деп баса белгиледи Катардын эмири.


Мындан тышкары, эмираттын башчысынын айтымында, тараптар бир катар аймактык жана эл аралык маселелерди, анын ичинде Палестина, Ооганстан, Сирия, Йемендеги кырдаалды, ошондой эле Ирандын өзөктүк программасы боюнча Венадагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн талкуулашты. “Катар Венадагы сүйлөшүүлөргө чоң көңүл буруу менен байкоо салып жатат.  Жаңы документке жетишүү аймактын жана бүткүл дүйнөнүн коопсуздугуна кызмат кыларына, ошондой эле атомду тынчтык максатта пайдалануу боюнча бардык тараптардын кызыкчылыктарын канааттандырат деп ишенет”,- деди Аль Тани.

Ошол эле учурда эмир Ирандын президентин 2022-жылдын 21-ноябрынан 18-декабрына чейин Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка чакырды. Өз кезегинде Ирандын  президенти Ибрахим Раиси Тегеран аймактагы бардык өлкөлөр менен кызматташууну кеңейтүүнү максат кылып жатканын билдирди. “Бул сапар Катар менен Ирандын ортосундагы мамилелердин жаңы барагын ачат. Бүгүн биз диалог пикир келишпестиктерди чечүүнүн жана бизде болгон көйгөйлөрдү чечүүнүн эң жакшы жолу экенин тастыктадык. Биз Перс булуңунун башка өлкөлөрү менен мамилелерибизди жана кызматташуунун чектерин кеңейтүүгө умтулабыз”,-деди Раиси.

Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн жараянына токтолгон Раиси учурда Ислам Республикасы үчүн “Вашингтондун Тегерандан санкцияларды алып салууга даярдыгын көрсөтүүсү” маанилүү экенин айтты.

Тарыхый сапар

Раиси 20-22-февраль күндөрү  Катарда өтүп жаткан газ экспорттоочу өлкөлөрдүн форумуна катышуу үчүн эки күндүк иш сапары менен Дохага 21-фераль күнү барган. “Al Jazeera” телеканалы билдиргендей, бул
Иран президентинин акыркы он жылда Катарга жасаган биринчи сапары болуп саналат.

Комментарий жиберүү