Путин Донецк жана Луганск Эл Републикаларынын көз карандысыздыгын таануу боюнча жарлыкка кол койду

21-фералда Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында Донецк жана Луганск Эл Республикаларын таануу боюнча жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу орусиялык басылмалар маалымдашты.

Ошондой эле, Путин республикалардын жетекчилери Денис Пушилин жана Леонид Пасечник менен достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу тууралуу келишимдерге кол койду.

Буга чейин, Орусиянын президенти Донбасстагы кырдаал боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөргөнү маалымдалган.

Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин ошол аймактагы орусиячыл жикчилдер 2014-жылдын апрель айында эки облустун аталышын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан.

Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келет. Эки аймакты тең бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп аталып келет.

Комментарий жиберүү