Украина Орусиядан Донбассты таануу чечимин жокко чыгарууну талап кылды

Украина Орусиядан өзүн-өзү жарыялаган “Донецк Элдик Республикасы” менен “Луганск Элдик Республикасынын” көз карандысыздыгын  таануу боюнча чечимин жокко чыгарууну талап кылды.

Ошондой эле Москва Донбасстагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн сүйлөшүү үстөлүнө кайтып келүүсүн талап кылат, деп билдирди Украинанын БУУдагы туруктуу өкүлү Сергей Кислица. “Биз Орусиядан Донецк жана Луганск элдик республикаларын таануу боюнча чечимин жокко чыгарууну, ошондой эле сүйлөшүү үстөлүнө кайтууну талап кылабыз. Биз Украинанын аймагына орусиялык кошумча оккупациялык күчтөрдү жайгаштыруу буйругун айыптайбыз”, – деди Кислица Коопсуздук кеңешинин Украина маселеси боюнча өткөрүлгөн жыйынында.

Кечээ, 21-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин телекайрылуусунда Донецк жана Луганск элдик республикаларынын көз карандысыздыгын дароо таануу зарыл деп эсептей турганын билдирген. Путин бул кайрылуусунан кийин эле дароо Донецк жана Луганск аймактарын таануу жөнүндө жарлыктарга кол койгон. Ошондой эле ал Донбасстагы тынчтык Орусиянын куралдуу күчтөрү тарабынан камсыз кылынуусун тапшырган.

Комментарий жиберүү