Зеленский Путинди жолугушууга чакырды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путинди жеке жолугушууга чакырды.

Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазышты.

Ошондой эле, Зеленский Украина кандай форматта болсо да Орусия менен жолугушуу өткөрүүгө даяр экенин билдирген.

Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Киев Москвага Орусия Федерациясынын жана Украинанын президенттери Владимир Путин менен Владимир Зеленскийдин жолугушуусун уюштурууну бир нече жолу сунуштаганын, бирок орус тарапта сүйлөшүүлөрдүн күн тартиби боюнча маселе бар экенин билдирди.

“Биз Киевден жолугуу сунушу менен бир нече жолу билдирүү алдык, бирок Киев биздин “эмне үчүн”, “кандай максатта” деген суроолорубузга жооп берген жок, – деди Кремлдин басма сөз катчысы.

Украиналык басылмалардын маалыматына караганда, журналисттер менен сүйлөшүү учурунда Зеленский эки жарым жылдан бери түз сүйлөшүүлөргө даяр экенин, бирок, анын айтымында, Москва ачык билдирүүлөргө карабастан, чындыгында сүйлөшүүгө даяр эместигин айткан.

Комментарий жиберүү