Орусиянын Коргоо министрлиги украиндерге кайрылды

Киевдин тургундары шаардан эркин чыгып кете алышат.

Мындай билдирүүнү Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү, генерал-майор Игорь Конашенков билдиргенин орусиялык маалымат каражаттары жазышты.

Министрликтин өкүлү Украинанын баш калаасынын жай тургундары шаардан Киев-Васильков трассасы менен чыгып кетиши мүмкүн экенин билдирди. «Бул багыт ачык жана коопсуз», – деди Конашенков.

Ошондой эле, Коргоо министрлиги Орусиянын аскерий операциясы карапайым калкка коркунуч жаратпай турганын жана Куралдуу Күчтөрдүн максаты бир гана аскердик объектилер экенин баса белгиледи.

Донбассты коргоо боюнча аскердик операция 24-февралда башталган. Орусиянын президенти Владимир Путиндин айтымында, Москванын мындай кадамга барышына Донецк жана Луганск Элдик Республикаларындагы оор кырдаал мажбур кылган. Операциянын максаты – Донбасстын геноцидге дуушар болгон карапайым калкын коргоо болуп саналат.

Комментарий жиберүү