Түркмөнстандагы президенттик шайлоого өлкө башчысынын уулу талапкерлигин койду

Түркмөнстанда президенттик шайлоого Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедовдун талапкерлиги көрсөтүлдү.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашты.

Мындай чечим Түркмөнстандын демократиялык партиясынын кезексиз курултайында кабыл алынган. Өлкөнүн учурдагы башчысы Гурбангулы Бердымухамедов аталган партиянын сунушу менен үч жолу өлкө президенти болуп шайланган.

Маалыматка ылайык, Бердымухамедов 11-февралдагы Элдик Кеңештин кезексиз жыйынында “жаш лидерлерге мамлекеттик башкарууга жол берүү ниетин” билдирип, жогорку мамлекеттик кызматтан кетерин айткан.

Андан кийин эле, 12-февралда өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтсүз президенттик шайлоо өткөрөрүн билдирип, аны 12-мартка белгилегени маалымдалды.

Өлкө башчысынын уулу Сердар 40 жашта. 2021-жылы анын саясий карьерасы тездик менен өсүп, атасы аны бир эле учурда экономиканы караган вице-премьерликке жана өкмөттөгү маанилүү башка дагы бир топ кызматтарга дайындаган.

Эскерте кетсек, Гурбангулы Бердымухамедов президенттик кызматка 2006-жылы шайланган. Ага чейин өлкөнү Сапармурат Ниязов башкарып келген.

Эл аралык укук коргоо уюмдары бул өлкөдө 1991-жылы СССРден көз карандысыздык алгандан бери эркин жана таза шайлоо өтпөгөнүн билдирип келишет.

Комментарий жиберүү