Ирандын жогорку лидери: Украина АКШ саясатынын кезектеги курмандыгы болду

Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеи Азирети Мухаммад (САВ) пайгамбардын алгачкы вахийинин бир жылдыгына карата сүйлөгөн сөзүндө Украинадагы окуяларга комментарий берди.

Анын айтымында, бүгүн Украина АКШнын кризис жаратуучу саясатынын курмандыгы болуп калды жана Украинаны ушул абалга АКШ алып келди.

“Биз дүйнөнүн бардык жеринде согушка жана кыйроого каршыбыз. Биз батыштыктардай эмеспиз; Алар Ооганстанда үйлөнүү үлпөтүнө бомба ташташат жана муну терроризмге каршы күрөш деп айтышат, бирок сионисттик режимдин кылмыштарын коргошот; Алар Йемендеги кылмыштарды колдошот”, – деди Хаменеи.

“Биз Украинадагы согуштун токтотулушун жактайбыз. Бирок, ар кандай кризисти чечүүдө анын тамырын билүү керек. Украинадагы кризистин тамыры – АКШ болуп саналат. Бул Украина үчүн сабак болду. Батыш өкмөттөрүнүн колдоосу – бул закым, аларга ишенүүгө болбойт”, – деп баса белгиледи Аятолла Али Хаменеи.

Комментарий жиберүү