Украина 48 сааттын ичинде ЕККУда жыйын өткөрүүнү талап кылды

Украина чек арага жакын жерде “Москванын аракеттеринен” улам 48 сааттын ичинде ЕККУнун Туруктуу Кеңеши менен коопсуздук боюнча кызматташтык Форумунун биргелешкен жыйынын өткөрүүнү суранды.

Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Твиттерде билдиргенин маалымат каражаттары жазышты.

«Биз Вена документинин алкагындагы жыйынга катышуудан баш тарткан Орусиядан ачыктыкты талап кылууну улантабыз. Орусияны уюмга мүчө мамлекеттердин мыйзамдуу тынчсыздануусун эске алууга жана Украина менен чек арага жакын жердеги аскердик аракеттеринен улам келип чыккан чыңалууну басаңдатуу үчүн ЕККУнун куралдарын колдонууга дагы бир жолу чакырабыз. Аскерлерди чыгарып кетүү боюнча билдирүүлөр жетишсиз. Бизге ачык-айкындуулук жана фактылар керек», – деп жазды министр Твиттердеги баракчасына.

Белгилей кетсек, акыркы айларда Орусия менен Батыштын мамилеси мурдагыдан да начарлап, Украинанын айланасында кырдаал курчуду. Вашингтон менен Брюссель Москванын аскерлерин коңшу мамлекет менен чек арага тартып жатканын айтып, “баскынчылыкка даярданууда” деп айыптоодо.

Ал эми Кремль мындай айыптоолорду четке кагып, бул Европанын Орусиянын чек арасына жакын жерде аскерий катышуусун көбөйтүү үчүн шылтоосу деп эсептерин билдирип келет.

Комментарий жиберүү