Путин менен Байден Макрондун саммит өткөрүү сунушун кабыл алышты

Елисей сарайы Орусия жана АКШ жетекчилери Франция президентинин сунушун кабыл алгандыгын билдирди.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Орусиянын президенти Владимир Путин менен америкалык кесиптеши Жо Байдендин ортосунда саммит өткөрүүнү сунуштап, эки тарап тең сунушту кабыл алган.

Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлашты.

“Ал (Макрон) президенттер Байден менен Путинге эл аралык саммит өткөрүүнү жана андан соң Европадагы коопсуздук жана стратегиялык туруктуулук боюнча бардык кызыкдар тараптар менен жолугушуу өткөрүүнү сунуштады. Байден менен Путин мындай саммиттин идеясын жалпы жонунан кабыл алышты”, – деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле, маалыматка караганда, саммит “эгерде Орусия Украинага кол салбаса” гана өтөт. Ал эми Москва Батыш ага таңуулап жаткан коңшу өлкөгө кол салуу боюнча айткандарын четке какканы айтылган.

Бул иш-чаранын күн тартибин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Елисей сарайында 24-февралда өтүүчү жолугушууда даярдай тургандыгы айтылды.

Ак үйдүн өкүлү Жен Псаки Париждин америкалык лидердин ниети тууралуу билдирген маалыматын тастыктаган.

Буга чейин, 20-февралда Париждин демилгеси менен Владимир Путин Макрон менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Комментарий жиберүү