Гомельде орус-украин сүйлөшүүлөрү башталды

Беларустун Гомель облусунда Орусия менен Украинанын сүйлөшүүлөрү башталды.

Жолугушуу Украинанын чек арасына жакын жерде, Гомель облусундагы Припять дарыясынын жээгинде өтүүдө. Коопсуздук максатында жолугушуу орду ачыкталган жок.

Тараптардын делегаттары өз ордуларына отуруп, залдагы журналисттер сыртка чыгарылды.

Орусиялык делегацияны президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектеп барды. Делегациянын курамында Коргоо министринин орун басары Александр Фомин, Орусиянын Беларустагы элчиси Борис Грызлов жана Мамлекеттик Думанын Эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы Леонид Слуцкий да бар.

Ал эми Украинанын делегациясынын курамында: коргоо министри Алексей Резников, “Слуга народа” фракциясынын башчысы Давид Арахамия, тышкы иштер министринин орун басары Николай Точицкий, президенттин кеңсесинин жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк, Жогорку Раданын депутаты Рустем Умеров жана  жана  Украинанын үч тараптуу байланыш тобунун делегациясынын башчысынын биринчи орун басары Андрей Костин бар.

Комментарий жиберүү