Венада өзөктүк келишимди жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда

Австриянын борбор шаары Венада Ирандын өзөктүк программасына байланышкан келишимди жандандырууга багытталган сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Австриянын башкалаасындагы сүйлөшүүлөр өткөн жылдын жайында Ирандагы президенттик шайлоодон кийин токтоп калган. Кайрадан АКШнын Иранга каршы санкцияларын жоюу боюнча Вена сүйлөшүүлөрүн жандантууга аракеттер жасалып, 2021-жылдын 29-ноябрында жолугушуулардын кезектеги айлампасы өткөн.

Андан кийин сүйлөшүүлөрүнүн сегизинчи айлампасы 8-февралда, Ирандын жана 4+1 тобунун (Германия, Франция, Улуу Британия, Орусия жана Кытай) катышуусунда башталган. Ошондон бери ар кандай деңгээлде жана форматта жолугушуулар өтүп келет.

Ирандын маалымат каражаттары Венада өлкөнүн өкүлдөрү АКШнын Тегеранга каршы санкцияларын жоюу боюнча эки тараптуу да жолугушууларды өткөрүп жатканын жазышууда. Кечээ, жекшемби күнү Иран Ислам Республикасынын башкы сүйлөшүүчүсү Али Багери менен Вена сүйлөшүүлөрүнүн координатору Энрике Моранын эки тараптуу жолугушуусу болгон.

Ошондой эле, Иран менен Кытайдын делегацияларынын эки тараптуу жолугушуусу өттү.

Мындан тышкары, Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Амир-Абдоллахян Мюнхенде Жозеп Боррель менен жолугушуп, келишимди жандандырууда Тегерандын демилгелери аркылуу жетишкендиктер болуп жатканын баса белгиледи.

“Эгерде Ирандын демилгелери болбогондо, биз келишимге мынчалык жакын болмок эмеспиз, бирок экинчи тарап Ислам Республикасы өзүнүн кызыл сызыктарын көз жаздымда калтырбай турганын билиши керек” – деди ал.

Эскерте кетсек, 2015-жылы Иран менен Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия жана АКШ кол койгон келишимге ылайык, Тегеран өзүнүн өзөктүк программасын чектемек. Бул үчүн өлкөгө каршы киргизилген экономикалык санкциялар бара-бара алынмак.

2018-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп келишимден чыгып кетип, санкциялар калыбына келе баштаган. Ошондон кийин Ислам Республикасы документтеги милдеттенмелерин аткаруудан баш тарткан.

Ал эми АКШнын азыркы президенти Жо Байден Иран шарттарга баш ийсе, документке кайтууга кызыкдар экенин билдирген.

Ошол эле учурда, Батыш Иран өзөктүк куралдын үстүнөн тымызын иштеп жатканын айтып келсе, Тегеран программа тынчтык максаттарын гана көздөрүн билдирип келет.

Комментарий жиберүү