Байден Орусиянын Донбасстагы атайын операциясына катаал жооп кайтарууну убада кылды

АКШнын президенти Жо Байден Орусиянын президенти Владимир Путиндин Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимине комментарий берди.

Байден Донбасстагы кырдаал боюнча жасаган кайрылуусунда, АКШ НАТО менен биргеликте Орусиянын Донбасстагы аракеттерине катаал жооп кайтарарын билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Ал АКШ жана анын союздаштары Москванын аракеттерине чечкиндүү жана бирдиктүү жооп беришет деп убада кылды.

Байден ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путин “көптөгөн курмандыктарга жана азап-кайгыга алып келе турган” согушту тандап алганын айтып, орус аскерлеринин чабуулун негизсиз деп атады. 24-февралга караган түнү Орусиянын президенти Владимир Путин Донбассты коргоо үчүн аскердик атайын операция жүргүзүү чечимин кабыл алганын билдирген.

Комментарий жиберүү