Австралиянын жашоочулары жөргөмүштөдүн калың желесинин торунда калышканын Daily Mail жазды. Аталган басылма миллиондогон жөргөмүштөр Австралиянын Виктория штатынын аймактарын калың желеси менен каптагандыгын кабарлайт. Мындай көрүнүштөр буга чейин дагы орун алганына карабастан, алар өтө сейрек кездешет. Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордон аппак болгон калың желелер чөптөрдү, бадалдарды, бак-дарактарды, жол белгилерин жана башка курулуштарды каптап турганын көрүүгө болот. Адистердин айтымында, жөргөмүштөр мындай жол менен нөшөрлөп жааган жамгырдан улам пайда болгон суу ташкынынан сактанышат. Андан улам, жөргөмүштөр жерден жогору…
Прочитайте большеКАБАРЛАР
Муфтийликке талапкерлердин тизмеси
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысына тогуз талапкер ат салышат. Бул тууралуу Аалымдар кеңешинин каттоо жана аттестациялоо комиссиясы билдирет. Маалыматка ылайык, 24-июнда муфтийликке талапкерлер сынактан өткөрүлсө, 26-июнда шайлоо өтөт. Муфтийликке талапкерлер: 1. Нурбек Токтогулов;2. Султанали Гапуров;3. Шүкүр Исмаилов;4. Нематилла Жээнбеков;5. Ниязали Арипов;6. Убайдулла Сарыбаев;7. Шакир Маматов;8. Сайдамир Жейналиев;9. Замир Ракиев. Белгилей кетсек, учурда Жоробай ажы Шергазыев муфтийдин милдетин убактылуу аткарып жатат. Буга чейин муфтияттын башчысын шайлоо боюнча Аалымдар кеңешинин курултайынын мөөнөтү жылдырылып, 29-майга белгиленген болчу. Бирок…
Прочитайте большеCOVID-19: Жыл башынан берки антирекорд катталды
Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус жуктурган 784 учур катталып, 4 адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учуру катталгандан бери илдетти жуктургандардын саны 112 777ге жетип, илдеттен 1916 адам каза тапты.Соңку бир суткада катталган 787 учур жыл башынан берки антирекорд болду. Учурда стационарда 2 169 адам жатат. Алардын ичинен 94 бейтаптын абалы өтө оор, 602 кишинин абалы оор деп айтылды.Эскерте кетсек, мындан эки күн мурун Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө…
Прочитайте большеИранда президенттик шайлоолор башталат
Иран Ислам Республикасында эртең, 18-июнда 13-президенттик шайлоолор өтөт. Ошентип, Иран дагы бир ири шайлоонун алдында турат. Шайлоолор ар дайым өйдө-ылдый толкундар менен коштолуп келген; ар бир шайлоолордо коомду алдыга жылдырууга мүмкүн болгон өзгөрүүлөргө үмүттөнүүлөр бар.Өлкөнүн 13-президенттик шайлоодо жактырылган 7 талапкер, бардык теледебаттарга катышып, бир маселе боюнча бир пикирге келишкенин көрсөттү.Шайлоодо жеңип чыккан ар бир талапкердин планы – колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, ыкмаларды өзгөртүү. Бардык талапкерлердин программалары калктын көйгөйлөрүн азайтууга, Ирандын экономикасынын күчтүү жактарын колдонууга, аймактык…
Прочитайте большеЭл аралык кылмыш соту Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусу боюнча юристтин кайрылуусун каттады
Конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева Эл аралык кылмыш соту Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусу боюнча кайрылуусун каттаганын өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. “Бүгүн, 14-июнда, Эл аралык Кылмыш Сотунун Прокуратурасынан биздин маалымдоо/кайрулууну (communication) каттоо жөнүндө тастыктоочу кат алдым”, – деп жазды ал. Эске салсак, Токтогазиева Тажикстан чектеш айылдардагы Кыргызстандын жарандарына каршы аскердик агрессия жасады деп эсептейт. Ал 6-июнда кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны тергөө үчүн Эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу жолдогон. “Рим статутунун 15-беренеси менен пайдаланып, Эл…
Прочитайте большеЭнергетика министрлиги электр энергиясына жаңы бирдиктүү тарифти сунуштады
Кыргызстандын Энергетика министрлиги бардык калк үчүн электр энергиясын 32 тыйынга көбөйтөт. Сунушталган жаңы тариф боюнча электр энергиянын баасы 77 тыйындын ордуна 1сом. 9 тыйын болмокчу. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев 15-июнда Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, жаңы орто мөөнөттүү тарифтик саясат иштелип чыкты жана жакынкы аралыкта коомдук талкууга коюлат. «Калк үчүн бирдиктүү тариф болот, эч кандай бөлүнүшсүз. Учурда 1 сом 9 тыйындык тариф сунушталууда, башкача айтканда, тарифти…
Прочитайте большеCOVID-19: Жаңы 647 учур, дагы 7 өлүм катталды
Коронавируска каршы республикалык штабдын бүгүнкү, 16-июндагы маалыматына ылайык, өлкөдө акыркы 24 сааттын ичинде вирус жуктурган 647 учур катталды. Акыркы бир суткада өлкө боюнча коронавирустан жети адам каза болду. Көз жумгандардын экөө Бишкекте, экөө Жалал-Абадда, экөө Ошто жана бирөө Чүйдө катталды. Өлкө боюнча жалпы бул илдеттен көз жумгандардын саны 1912 адамга жетти.Жуктуруу учурларынын көпчүлүгү Бишкек шаарында катталууда. Расмий катталган саны 111 990 адамга жетти.Кечээ, Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда COVID-19дун үчүнчү толкуну башталганын расмий жарыялап, буга чейинки…
Прочитайте большеYouTube алкоголдук ичимдиктерге, кумар оюндарына жана саясий жарнамаларга тыюу салды
YouTube каналы өзүнүн башкы баракчасында алкоголь, кумар оюндары, саясат жана дары-дармек жарнамаларына тыюу салды. Белгилей кетсек, тыюу салуу YouTube сервисинин веб-версиясындагы жана мобилдик тиркемедеги башкы баракчасына гана тиешелүү. Google компаниясы, жарнаманын бул түрлөрүн четтетүү колдонуучулардын социалдык жана жаш курак категориялары үчүн ылайыктуу болуп, баракчалардын алгылыктуу кызмат кылууга өбөлгө түзмөкчү. Тактап айтканда, мурдараак спирт ичимдиктерин жарнамалагандыктан, кызмат жашы жете элек колдонуучуларга ылайыктуу болгон эмес.Мындан тышкары, баракчанын жогору жагындагы саясатты жарнамалоодон баш тартуу кызматка көптөгөн административдик ызы-чуулардан,…
Прочитайте большеКыргызстанда сабиздин кымбатташына Тажикстандын тиешеси барбы?
Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу сабиздин баасы 100 сомго жетип, андан да ашып кетти. Буга эмне себеп болду? Сабиз мурда Тажикстандан келип, учурда чек ара жабылгандан улам кымбаттадыбы?Акыркы апталарда сабиздин баасы 50-60 сомдон болуп, учурда 100сомдон ашып кеткени белгилүү.Сабиз эле эмес, кызылча, картошканын баалары да жогору. Дыйкандар мунун себебин коңушу өлкөлөргө, Орусияга экспорттолуп жатканын айтышууда.Айрым жашылчалардын кымбатташы, “ашыкча” экспорттон экени да күмөн. Бир четинен жашылчылардын аздыгынан пайдаланып, ортодо бааны атайын жогорулатып жибериши да мүмкүн. Тилекке каршы…
Прочитайте большеСалават окугандар кедейлик көрүшпөйт
“Бир мусулман күндө 500 жолу мага салават окуса түбөлүк кедейлик көрбөйт, күнөөлөрү кечирилет.” Абдуррахман ибни Аттаб Куртуби хазреттери малики мазхабы фикх аалымы болуп, 433 (1041) жылы Андалусиянын (Испаниянын) Куртуба (Кордоба) шаарында туулган. 520 (1126) жылы ошол жерде кайтыш болгон. “Шифа-ус-судур” аттуу китебинде төмөндөгүчө маалымдайт: “Хадиси шарифтерде айтылды: “Кыямат күнү силерден даражасы мага эң жакын болгонуңар – эң көп салават окуганыңар”. Табарани Хазрети Энестен (радыяллаху таала анх) риваят кылды. Расулуллах (саллаллаху таала алейхи васаллам) буюрду: “Жабраил жаңы эле…
Прочитайте большеМухаммед алейхиссаламдын даражасы
Мухаммед алейхиссалам – пайгамбарлардын эң үстөмү, ааламдардын мээрими. Он сегиз миң аалам анын боорукердик дайрасынан пайдаланууда. Ал бардык адамдар менен жиндердин пайгамбары. Периштелерге, өсүмдүктөргө, жаныбарларга жана бардык макулуктарга да пайгамбар экендигин айткандар көп. Башка пайгамбарлар белгилүү бир мамлекеттерге, белгилүү бир коомдорго жиберилишчү. Ал эми Расули акрам (саллаллаху алейхи васаллам) бүткүл ааламга, жандуу-жансыз бардык макулуктарга пайгамбар. Аллаху таала башка пайгамбарларды ысымдары менен атаган. Ал эми Мухаммед алейхиссаламды “Йа, Расулум! Йа, Пайгамбарым!” деп чакырган. Башка пайгамбарлардын ар…
Прочитайте большеКыргызстанга Сауд Аравиянын Падышасы менен ТИМ жетекчиси келет
Президент Садыр Жапаров Сауд Аравиянын Падышасы Салман бен Абдель Азиз аль-Сауд менен телефон аркылуу байланышып, Кыргызстанга расмий сапарга чакырды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.Белгилей кетсек, баарлашуунун жүрүшүндө кыргыз-сауд эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана анын өнүгүү келечеги, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу жаатында талкуу жүрдү.Садыр Жапаров белгилегендей, Кыргыз Республикасы Сауд Аравиясы менен эки тараптуу боордош элдердин кызыкчылыгындагы өз ара колдоонун жана ишенимдин негизинде ар тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр.Президент, Сауд Аравиясы Кыргызстанга ар дайым оор мезгилде жардам…
Прочитайте большеКыргызстандын калкы 70% айлыгын азык-түлүккө жумшашат
БУУнун Бүткүл Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кыргызстанда 2 млн. тургун жакырчылыкта жашай тургандыгын жарыялады. Кыргызстанда 2 млн. жаран өз кирешелеринин 70%ын тамак-ашка жумшашат. Бул тууралуу 14-июнда Бишкекте өткөн азык-түлүк тутумдары боюнча саммитте БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Андреа Багноли билдирди.“Кыргызстанда 2 миллионго жакын адам жакырчылыкта жашайт жана алар жалпы кирешенин 70%га чейинкисин тамак-ашка сарпташат”, – деди ал.Ал эми Улуттук статистика комитетинин отчету боюнча, Кыргызстанда 2020-жылы 1 млн. 678 миң адам жакырчылыктын чегинде жашашкан, анын 73,7 %ы…
Прочитайте большеСауд Аравиясы эмнеге быйылда ажылыкты токтотту?
Сауд Аравиянын Ажылык жана Умра министрлиги ажылык аземи чет элдик зыяратчылар үчүн быйыл дагы өткөрүлбөй тургандыгын жарыялады. Министрликтин чечими боюнча, бул жылы ажылык Сауд Арабиясынын ичиндеги 60 000 зыяратчыга гана бөлүнөрүн жарыялады.Сауд Аравия коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн чечим чыгарганын билдирди. Бирок Исламдын негизги түркүктөрү жана жөрөлгөлөрүнүн бири болгон Ажылыктын маанисин эске алганда, бул чечим коронавирустун жайылуусунун алдын алуу гана эмес, ошондой эле “жашыруун максаттарды” камтыганы белгилүү,- деп жазат Иран ЖМКлары.Төмөндө башка өлкөлөр үчүн ажылыктын…
Прочитайте большеЭрдоган менен Байден жолугушту
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен АКШнын президенти Жо Байден жолугушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.Жолугушуу кечээ, 14-июнда Брюсселде НАТО саммитинин алкагында болуп өттү. Эки өлкөнүн башчылары жолугушуудан кийин маалымат жыйынын өткөрүштү. Байден сүйлөшүүлөр жакшы маанайда жана жемиштүү өткөнүн билдирип, алдыда эки тараптын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү улантышарын айтты.“Эки тараптуу алакада чыныгы алдыга жылыштарга жетерибизге ишенем”, – деди АКШнын президенти.Эрдоган да жолугушуу жемиштүү болгонун айтып, “Биз АКШ менен Түркиянын ортосундагы алакада маселе жок деп ойлойбуз. Маселелерге караганда кызматташуубуз көбүрөөк»”, –…
Прочитайте больше