Ооган-тажик чек арасынын 80%ы “Талибандын” көзөмөлүнө өттү

“Талибан” радикалдык кыймылынын согушкерлери Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен аймагынын 80%ын көзөмөлдөп турат.

Кырдаалга байланыштуу, 22-июлда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров орус аскерлеринин Ооганстанга кирүү ыктымалдыгына баа берген. Ошондой эле Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко “Талибан” Тажикстан менен чек араны дээрлик толугу менен көзөмөлдөп тураарын билдирген. Ал буга кошумча Жакынкы Чыгыштагы жана Түндүк Африкадагы согуштук зоналардан террорчулар ушул аймактарга топтолуп жаткандыгын, уюмдар Борбор Азиядан иммигранттарды активдүү тартып жаткандыгын жана баңги заттарын өндүрүү рекорддук деңгээлге жеткендигин белгиледи.
Эске салсак, Ооганстандагы кырдаал АКШ жана НАТО өлкөлөрү 1-майда өлкөдөн аскерлерин расмий чыгарып кете баштагандан кийин курчуп кетти.
Андан кийин “Талибандын” согушкерлери өкмөттүк күчтөргө каршы чабуулга өтүп, басып алынган аймакта катуу исламдык тартипти орното башташкан. Учурда, маалымат каражаттарынын билдиришинче, “Талибан” өлкөнүн 100дөн ашуун районун көзөмөлдөп турат.

Комментарий жиберүү