Сауд Аравияда ажылык зыярат башталды

Мусулман зыяратчылар жекшембиде ажылыкка арналган жөрөлгөлөрүн жасап башташканын саудиялык «Ихбария» телеканалы билдирди.

Ажылык зыярат эки жыл катары менен коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөө алдында өтүп жатат. Быйыл бул иш-чарага жергиликтүү жашоочулар жана Сауд Аравияда жашаган чет өлкөлүк мусулмандар гана катыша алышат.

Быйыл бул диний ыйык жөрөлгөгө 60 миң киши катышары күтүлүүдө. Пандемияга чейин ажылык үчүн Сауд Аравияга дүйнөнүн булуң-бурчунан 2,5 миллионго чукул мусулман келип турган. Июнда саудия бийлиги зыяратка 18ден 65 жашка чейинки, COVID-19га каршы толук эмдөөдөн өткөн кишилер гана катышарын жарыялаган.

Былтыр ноябрда падышачылык башка өлкөнүн жарандарына кичи ажылык – умрага зыярат кылууга уруксат берген. Тизмедеги 108 мамлекеттин арасына Кыргызстан кирбей калган.

Комментарий жиберүү