Бишкекте Иран — Кыргызстан бизнес-форуму өтүп жатат (ФОТО)

Бишкектеги “Дамас” мейманканасында Иран — Кыргызстан бизнес форуму өтүүдө.

Иш-чаранын негизги максаты – Иран менен Кыргызстандын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана чыңдоо болуп саналат.

Бул тууралуу “Eurasia Today” МА корреспонденти жеринен маалымдайт.

Форумга катышуу үчүн Ирандын айыл чарба, өнөр жай, курулуш материалдары, тоо-кен, фармацевтика жана медициналык шаймандарды өндүрүү жаатындагы 40 ири компаниянын өкүлдөрүнөн турган ири делегация келди.

Иш-чаранын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин өкүлдөрү, Кыргызстандын Каржы министринин орун басары Шаршекеев Айдин, Иран Ислам Республикасынын Бишкектеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харрази, Кыргызстандын Ирандагы Элчиси Тотуяев Ислам катышууда.

Ошондой эле, иш-чарага жакында эле Тегеранда өткөн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биринчи көргөзмөсүндө болуп келген Кыргызстандын өнөр жай менен ишкерлер союзунун жетекчиси Данил Ибраев да катышууда.

Айдин Шаршекеевдин айтымында, Кыргызстандын Экономика министрлиги Ирандын ишкерлери үчүн ачык жана эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө даяр.

Ал акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү төрт эсе көбөйгөнүн белгиледи.

Ирандын ишкерлери кыргыз-иран кызматташтыгынын аспекттерин, инвестициялык долбоорлорду, өз ара соода жүргүзүүнү ошондой эле биргелешкен ишканаларды түзүүнү (пластикалык хирургия менен ЭКО клиникасын, жер семирткичтерди чыгаруучу заводду, дары-дармек өндүрүүчү компанияны ачууну) караштырууда.

Ирандын Элчиси Саид Харрази “жакында Кыргызстанда Ирандын соода үйүн ачуу пландалып жатканын” билдирди.

Эске салсак, Иран — Кыргызстан бизнес-форуму акыркы жолу 2017-жылы май айында Бишкекте болгон.

Комментарий жиберүү