Токиодо Олимпиада оюндары башталат

Эртең, 23-июлда Токиодогу Олимпиада оюндары старт алмакчы.

Олимпиадага Кыргызстандан 17 спортчу катышууда.
Расмий маалыматтар боюнча, 23-июлдан 8-августка чейин Японияда өтө турган 32 – Олимпиада оюндарына  Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Узур Жузупбеков, Эрназар Акматали, Дария Маслова, Нурсултан Кеңешбеков, Мария Коробицкая, Роман Петров, Бакдөөлөт Расылбеков, жана Денис Петрашов катышышмакчы. Ал эми, Атабек Азисбеков курама команданын капитаны болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү олимпиадалык курама команда үчүн байге фонду түзүлгөнүн кабрлаган. Фонддон алтын медалга ээ болгон спортчуларга 10 млн. сом, күмүш үчүн 7 млн. сом, коло үчүн 5 млн. сом төлөнөрүн белгиледи. Мындан тышкары, Олимпиаданын башкы машыктыруучусу спортчунун сый акысынын 30%ын алат. Машыктыруучу штабдын башка мүчөлөрүнө жана медициналык персоналга дагы акчалай стимулдар берилет.
Эске салсак, ХХХII Жайкы Олимпиада оюндары 2020-жылы өткөрүлүшү пландаштырылган, бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу кийинкиге калтырылган. Токиодогу Олимпиада оюндарынын программасында спорттун 33 түрү боюнча мелдештер бар. Жалпысынан 339 Олимпиада медалдарынын комплекти үчүн таймашуу пландалууда.

Комментарий жиберүү