COVID-19 менен ооругандан кийин кандай белгилер өмүр бою кала берет?

Белгилүү дарыгер коронавирустун айыкпай турган кесепеттерин атады.

Орусиянын жогорку категориядагы дарыгери Алексей Водовозовдун айтымында, COVID-19 менен ооругандар үч айдан тартып өмүр бою “коронавирустан кийинки синдромду” сезиши мүмкүн.
“Мындай дартка чалдыккандардын кеспеттүү белгилери болжол менен төрттөн үч бөлүгү 4төн 12 жумага чейин, ал эми калган бөлүгү – 12 жумадан өмүрүнүн акырына чейин созулат”, – деп түшүндүрдү дарыгер.
Анын айтымында, бул синдромдо 20дан 60ка чейин бейтаптарда белгилер байкалат.
Коронавирустан кийинки синдромдор: бул алсыздык, баш оору, муун жана булчуң оорулары, уйкусуздук көйгөйлөрү, көкүрөктөгү оордук сезими жана толук эмес дем алуу, ошондой эле депрессия, терморегуляциянын начарлашы жана когнитивдик функциялардын төмөндөшү.
 Эксперт “коронавирустан кийинки синдромдун” себеби азырынча белгисиз деп билдирди. Ал эми аны калыбына келтирүү үчүн физикалык активдүүлүктү жана басууну көбөйтүүнү сунуштады.

Комментарий жиберүү