Кыргызстандын муфтийи эмдөөдөн өткөнү калп болдубу? (сүрөт+видео)

Кыргызстандын жаңы шайланган муфтийи Замир Ракиев коронавируска каршы эмделди деген маалымат 15-июлда жаңылыктар сайттарында пайда болду.

 Бирок, айрым интернет колдонуучулар муфтийдин эмдөө учурунда түшкөн сүрөтүнө таянып, анын эмдөөдөн өткөнүн калпка чыгарышып, талкууга салышкан. Аларга медайым уколду туурап, шприцти арткы капталынан кармап тургандай сезилген.
 Сүрөттү текшерүү өтүнүчү менен окурмандар Factcheck.kgге кайрылышты. Сүрөттө фотомонтаждын издери бар-жогун текшерип, сүрөт чыныгы экендиги аныкталды.
Изилдөө иштери муфтияттын сайтына шилтеме берип, 15-июлда Кыргызстандын Жогорку муфтийи Замир Ракиев Бишкектеги эмдөө борборунда коронавируска каршы вакцина алгандыгы тууралуу кабар жарыяланган.
Ошондой эле, Кыргызстан Ислам Университетинин башка дин кызматкерлери, проректорлору жана окутуучулары, имамдар эмдөөдөн өтүшткөнү айтылган.
 Жаңылыктар дин кызматкерлери эмдөөдөн өткөн видео жана сүрөттөр менен коштолгон. Анын ичинде күмөн саноону жараткан сүрөттөр бар. Сүрөттү жакшылап карап чыгуу менен чындыгында, медайым муфтийдин ийнине тийген эме, колуна шприцти тескери жагынан такап тургандыгын байкайсыз.
ЖМКалар (K-News) бул сүрөт ийне сайыла электе тартылганын жарыялашкан. Ал эми, видеодо укол алып жатканда муфтий колун чыканагына бүгүп, медайым шприцти туура кармап, ийнине ийнени ийне сайып сүрөткө караганда жогору кылып салганы ачык көрүнүп турат. Бирок жакшылап байкасак, укол башка кишинин булчуңуна сайылып жаткандай, анткени муфтий Замир Ракиев, эмдөө аларда жеңи узун ак көйнөк кийип отурган болсо, булчуңун тосуп жаткан (киши) жеңи кыска футболкачан экендиги так көрүнөт. Ушуга байланыштуу тартылган видео да чуу жаратчудай. Дин аалымдары элди коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырганы менен өздөрү эмдөөдөн баш тартышканы кандай? Чын эле шарыятта эмдөөгө каршы өкүмдөр барбы?

Комментарий жиберүү