«Талибан» бийликке келсе, Орусияаны тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарабы?

“Талибан” (Орусияда тыюу салынган) радикалдуу кыймылынын  өкүлдөрүнүн Москвадагы сүйлөшүүлөргө катышууларынан соң, Орусия аткаминерлери ой-пикирлерин билдиришти.

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров “Орусиянын тышкы саясаты: ийгиликтер, чакырыктар, милдеттер жана келечектер” вебинары учурунда сүйлөп жатып, талибандар деле акыл-эси жайында адамдар экенин айтты.
 “Жакында Талибандын жетекчилиги Москвада болгондуктан, биздин өкүл алар менен жолугушту. Алар Ооганстандагы, Борбордук Азиядагы коңшулар үчүн көйгөйлөрдү жаратуу ойлору жок экендигин, бир гана ИШИМ менен күрөштү мындан ары дагы токтотпостон улантышаарын жана башка оогандыктар менен саясий структурасын талкуулоого даяр экендиктерин абдан ачык билдиришти”, -деди Орусиянын ТИМ жетекчиси.
Лавров сөзүнүн уландысында: “Талибандарды бардыгы ислам эмиратын шарият мыйзамдарынын негизинде түзүүнү каалап жатышат деп айыпташууда. Мен айтып жаткан билдирүү абдан маанилүү белги берет – алар акыл-эси жайында адамдар”, – деп айтты.
Ошол эле убакта Кремль “Талибанды” тыюу салынган уюмдардын каттоосунан чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө баа берди.
Белгилей кестек, Орусия Федерациясынын Президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков азырынча өлкөнүн Ооганстандагы радикал “Талибан” кыймылын тыюу салынган уюмдардын каттоосунан чыгаруу планы жок экенин билдирген.
Песков кошумчалагандай, “Чындыгында, Талибан кыймылы Ооганстанда иш алпарган көрүнүктүү күч”. Учурда талибандардын сүйлөшүү жүргүзүүлөрү менен жана келечекте аскердик алга жылуулары аймактык өлкөлөрдүн ой-пикирлерин башка нукка буруусуна ыктымал берилет.
Эске салсак, акыркы бир нече жумада, америкалык аскерлердин чыгып кетишинин алдында, Талибан өкмөттүк күчтөргө каршы чабуулун бир топ күчөттү. Топтун өкүлдөрү республиканын 85% аймагын, анын ичинде беш өлкө – Иран, Кытай, Пакистан, Тажикстан жана Түркмөнстан менен чектешкен аймактарды көзөмөлгө алгандыгын айтышты.
Ошондой эле Талибан кыймылы Ооганстандын президентин жана бийликтин отставкага кетүүсүн талап кылууда. Мындан мурдараак талибандар өз талаптарында бийликке өз алдынча келүүлөрүн жана толук кандуу башкарууларын шарт коюшкан. Билдирүүлөргө ылайык, талибандар тобу коңшулаш Борбор Азия өлкөлөрү менен согушууга ниеттери жоктугу айтылууда. Ошентсе да Тажикстанга агылып кирген оогандыктар кооптуулук жаратаары анык.

Комментарий жиберүү