Тажикстан Баткен менен чектешкен аймагында масштабдуу аскердик машыгуу өткөрөт

Тажикстан Согди облусунда ири аскердик машыгуу өткөрөт.

Бул тууралуу Согди облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода билдиргенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, машыгуулар аскерлердин даярдыгын, мобилизациясын жана аймактык коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн текшерүү максатында өткөрүлөт.
Согди облусунун жетекчисинин айтуусуна караганда, машыгууларга облус, район жана шаарлардагы аскерлер, ошондой эле запастагы жарандар дагы катышат.
Белгилей кетсек, Согди облусу Тажикстандын түндүгүндө жайгашкан жана Кыргызстандын Баткен облусу менен чектешет.

Комментарий жиберүү