Каныкей Кубанычбекова Олимпиада оюндарында орунга илинбей калды

Кыргызстандык спортчу Каныкей Кубанычбекова Олимпиада оюндарында 10 метр аралыктан ок атуу спорту боюнча 48-орунга илинди. Бул тууралуу Олимпиада оюндарынын сайтында айтылат.

Ал 24-июлда 50 спортчунун ичинен 612,8 упайы менен 48-орунга жайгашты. Финалга өтүш үчүн спортчулар 628,5 упай топтоо керек эле.

Белгилей кетсек, кечээ, 23-июлда Токиодо Олимпиада оюндары расмий ачылды. Салтанаттуу параддан Кыргызстан командасы 56-катар менен өтүп, Каныкей Кубанычбекова менен Денис Петрашов тууну көтөрүп чыгышты.

Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышууда.

Комментарий жиберүү