Лавров: Орусия АКШга Кант базасын сунуш кылган эмес

Орусия Ооганстандагы абалды көзөмөлдөө үчүн АКШга Кыргызстан менен Тажикстандагы аскердик базаларын колдонууну сунуштаган эмес.

Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров “Интерфакс” агенттигине билдирди.
“Биз америкалыктарды ЖККУ күчтөрүнүн бөлүгү болуп саналган базага биздин союздаштарыбызга айтпай туруп чакыра албайбыз”, – деди министр “Интерфакска” берген маегинде.
Эске салсак, буга чейин орусиялык “Коммерсант” гезити орус президенти Владимир Путин АКШ президенти Жо Байденге Ооганстандагы кырдаалды көзөмөлдөө үчүн Тажикстандагы жана Кыргызстандагы орус базаларын колдонууну сунуш кылган деп жазган.

Комментарий жиберүү