Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф 5-8-апрель күндөрү Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Түркмөнстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Саид Хатибзаде өзүнүн Твиттердеги баракчасынан билдиргенин “Eurasia Today” агенттигинин кабарчысы маалымдайт. “Цивилизациялык, тарыхый жана маданий жалпылыктардын региону болгон Борбор Азия өлкөлөрү менен мамилелерди өнүктүрүү Ирандын ар дайымкы артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп келген. Зариф 5-8-апрель күндөрү Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Түркмөнстанга барат”, – деп жазды Хатибзаде Твиттердеги баракчасына. Хатибзаденин айтымында, Зарифтин бул сапарында…
Прочитайте большеАкыркы кабарлар
Тайванда 350 жүргүнчүсү бар поезд рельстен чыгып кетип, 36 киши каза тапты
Тайвандын түндүгүндө поезд рельстен чыгып кетип, кырсыктан кеминде 36 адам каза болуп, 61и жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик маалымдаганын “IRNA” агенттиги кабарлады. “Reuters” агенттиги маалымдагандай, жүргүнчүнү ташыган поезд Тайвандын түндүк-чыгышындагы Хуаялянь уездиндеги “Дацин” туннелинде кырсыктады. Азырынча поезддин төрт вагонунан 100дөй жүргүнчү эвакуацияланды, бирок куткаруучулардын калган үч вагонго кирүүсү мүмкүн болбой жатат. Кырсыкка темир жолдун жанында туура эмес токтоп, темир жолго оодарылып кеткен жүк ташуучу унаа себеп болгон. 2018-жылы дагы Тайвандын түндүк-чыгышында поезд рельстен чыгып кетип, 18…
Прочитайте большеТанзаниянын президентинин тажиясындагы тыгылышта 45 киши каза болду
Коронавирустан каза болгон Танзаниянын президенти Жон Магуфулини акыркы сапарга узатуу зыйнатында 45 киши тепсендиде калып каза тапты. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “The East African” МА шилтеме берип кабарлады. Президент менен коштошуу аземи 21-мартта Танзаниянын ири шаары Дар-эс-Саламдагы Ухуру стадионунда өткөн. Каза болгондордун арасында эки күн мурун жерге берилген эне жана анын төрт кичинекей баласы болгон. Ошондой эле бул тыгылышта кеминде 37 жаран жаракат алганы белгилүү болду. 2015-жылдан бери президенттик кызматты аркалап келген Жон Магуфули 17-мартта 61 жашында коронавирустан каза…
Прочитайте больше1-апрелден баштап, бардык класстар мектепке кайтып келишет
Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы ушул аптада бардык класстар кадимки окуу режимине өтөөрүн билдирди. Eurasia Today маалымат порталынын 24.kg сайтына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, 4- чейректин башталышы менен 2, 3, 4, 6, 7, 8, 10- класстар оффлайн окуу режимине өтүшүп, мектептер кадимкидей иштешерин билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Эльмира Иманалиева билдирди.Анын айтымында, буга чейин 9- мартта 1, 5, 9- класстар оффлайн окуу форматына өтүшкөн эле. Бул аралыкта 13 окуучу жана 14 мугалим коронавирус жуктуруп алган.Ал эми, мындан аркы…
Прочитайте большеКыргызстанда эмдөө башталды
Бүгүн, 29-мартта Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнүн алгачкы этабы башталды. Буга чейин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы бюнча, Ош шаары менен Чүй облусттарына вакцинаны жеткирүү иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле илимий-техникалык адистер тобу тарабынан колдоо процесси жүргүзүлгөн. Маалыматта айтылгандай, вакцина алгач Бишкек, Ош шаарлары жана Чүй облусунда жүргүзүлөт. Бишкекте 4 үй-бүлөлүк медицина бириктирилген борборунда жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунда 5 эмдөө пункту ачылат. Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 2 пункт, Ош шаарында №…
Прочитайте большеЕгипетте эки поезд кагышты (видео)
Египеттин Сохаг шаарынын түндүгүндө эки поезд кагышып, 50дөй киши жаракат алды. Бул тууралуу Египеттин мамлекеттик телеканалы маалымдаганын “Ir.Sputnik” агенттиги жазды. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги окуядан азыркы тапка чейин 50 адам жаракат алганын билдирди. Өлкөнүн асмий адамдары кырсыктын себептерин азырынча жарыялай элек. Египеттеги эң чоң темир жол кырсыгы 2002-жылы болуп, анда поезд өрттөнүп, 360тан ашуун жүргүнчү каза болгон.
Прочитайте большеАКШда дезинфекциялоочу каражаттарда ракты козгоочу зат табылды
АКШнын “Valisure” фармацевтикалык компаниясы базарлардагы медициналык өнүмдөрдү текшерүү учурунда колду дезинфекциялоочу айрым каражаттарда рак оорусун пайда кылган бензол бар экенин аныктады. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “Bloomberg” агенттигине шилтеме берип кабарлады. Аталган компания колду дезинфекциялоочу айрым каражаттардан табылган бул зат ден-соолукка кооптуу экенин билдирди. Маалыматка караганда, бензол пандемиянын кызуу учурунда негизги дезинфекциялоочу каражаттар сатуудан жоголуп кеткенден кийин рынокко кирген каражаттардан табылган. Ракты пайда кылуучу бензол текшерилген дезинфекциялоочу каражат бөтөлкөсүнүн 17 пайызынан табылган. Мындан тышкары, чегине жеткен концентрация бөтөлкөлөрдүн…
Прочитайте большеАКШдагы кандуу күн: Колорадодо 10 адам атып өлтүрүлдү
Кечээ, 22-мартта АКШнын Колорадо штатынын Боулдер шаарында супермаркетте жай тургундарга ок атылып, кеминде 10 адам, анын ичинде полиция кызматкери каза тапты. Бул тууралуу Боулдер шаарынын жергиликтүү полиция жетекчиси Марис Херольд билдиргенин “Fars News” агенттиги кабарлады. “Associated Press” агенттиги маалымдагандай, шектүү адам жаракат алып, камакка алынды. Боулдер полиция бөлүмүнүн командири Керри Ямагучи “King Soopers” супермаркетиндеги ок атуу боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын жана бул окуянын себептери аныкталып жатканын билдирди.
Прочитайте большеВ. Путин: “Жерүй кенинен Кыргызстандын бюджетине жылына 70 млн. доллар түшөт
17-мартта Талас облусунда Жерүй кениндеги Талас алтын комбинаты ишке киргизилди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана телекөпүрө аркылуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин катышты. Иш-чарада Мамлекет башчылары сөз сүйлөштү. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү долбоордун башталышы өлкөлөрдүн ортосундагы инвестициялык кызматташтыктын ийгиликтүү үлгүсү боло аларын белгиледи. Ошондой эле ал эки маанилүү учурга — ишкана менен жергиликтүү калктын ортосундагы ар тараптуу диалогду мындан ары күчөтүү жана кенди иштетүүдө бардык экологиялык талаптарды сактоо зарылдыгына токтолду. Садыр Жапаров Кыргызстан тоо-кен тармагынын потенциалын жогорулатууга…
Прочитайте большеИран өзүнүн “Фахра” вакцинасын тааныштырды
Кечээ, шейшемби күнү Иранда коронавируска каршы өздүк “Фахра” вакцинасын сыноонун биринчи этабы башталып, маркум өзөктүк илимпоз Мохсен Фахризаденин уулу эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу “IRNA News” агенттиги маалымдады.Ирандын Коргоо тармагынын изилдөө жана инновация уюмунда (Сепанд) иштелип чыккан “Фахра” вакцинаснын презентациялык аземине өлкөнүн Коргоо жана Саламаттыкты сактоо министрлери генерал Амир Хатами жана Саид Намаки катышты.Эске салсак, Мохсен Фахризаде 27-ноябрда Тегеран провинциясындагы кол салуунун натыйжасында каза болгон. Ал аралыктан башкарылган курал менен өлтүрүлгөн. Окумуштуу Коргоо министрлигинин алдындагы изилдөө жана инновациялар уюмун жетектеген.Фахра…
Прочитайте большеМьянмадагы демонстрацияларда 138 адам каза болду
Мьянмадагы аскердик төңкөрүшкө каршы нааразычылык акцияларын басуу учурунда каза болгондордун саны 138ге жетти. “Ir.Sputnik” агенттиги маалымдагандай, Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысынын расмий өкүлү Стивен Дюжаррик конференцияда Мьянманын ар кайсы шаарларындагы коопсуздук күчтөрү менен демонстранттардын ортосундагы кагылышууларда ушул убакка чейин 138, алардын 50гө жакыны акыркы эки күндө каза болгонун билдирди. “Февраль айынын башынан бери Мьянмадагы нааразычылык акцияларында 138 адам каза тапты. Алардын ичинен 38 адам 14-мартта, дагы 18 адам 13-мартта набыт болду”, – деди Дюжаррик. “БУУнун Башкы катчысы…
Прочитайте большеМьянмада жекшембидеги нааразычылык акцияларында 39 адам каза болду
Мьянма элинин төңкөрүш уюштуруучуларга каршы нааразычылык акциялары учурунда, дагы 39 демонстрант коопсуздук күчтөрү тарабынан өлтүрүлдү. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Кечээ, 14-мартта армияга каршы нааразычылык акцияларында Хлингтайя өнөр жай шаарынын чет жакасында кеминде 22 демонстрант коопсуздук күчтөрү тарабынан өлтүрүлдү. Маалыматта, аталган аймакта Кытайга байланыштуу бир нече завод өрттөлгөнү дагы айтылууда. “Reuters” агенттиги маалымдагандай, өлкөнүн башка аймактарында дагы 16 демонстрант өлтүрүлдү. Кечээки жекшемби күн ушул жылдын 1-февралындагы Мьянма өкмөтүнө каршы аскердик төңкөрүштөн бери эң кандуу күнгө айланды….
Прочитайте большеӨзбекстан билим алуу үчүн кыргыз жарандарына 100 гранттык орун бөлөт
Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган мамлекеттик иш сапарынын алкагында билим берүү жана илим жаатындагы актуалдуу маселелер боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Өзбекстан Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Улугбек Ташкенбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Сүйлөшүүнүн негизги темасы Билим берүү документтерин таануу боюнча өкмөттөр аралык келишимди…
Прочитайте большеУлуу Британияда ичеги рагын эрте аныктоо үчүн камерасы бар таблетка ойлоп табылды
Ичеги рагына текшерүүдөн өтүү үчүн, жакын арада балык майы капсуласынын көлөмүндөй таблетканы жутуп коюу жетиштүү болот. “Муну өз алдынча жана үй шартында жасаса болот”, – деп жазатBBC PillCam деп аталган шайман (таблетка-камера) видеокамера жана өткөргүч менен узундугу эки сантиметрлик капсуланы камтыйт. Ал ички органдардын сүрөтүн бейтап тагынган курга бекитилген кабыл алгычка багыттайт. Аны учурда Лондон университетинин колледжинде жана Шотландиянын бир катар медициналык мекемелеринде эндоскописттер колдонуп жатышат. Азыркы тапта Англиянын 40 аймагында 11000 бейтаптын катышуусу менен…
Прочитайте большеБириккен Араб Эмираттары жаңы дүйнөлүк рекорд койду
Дүйнөдөгү эң чоң медаль БАЭде чыгарылды. Islam Today сайтынын маалыматына ылайык, БАЭ Гиннесстин рекорддор китебине дагы бир жолу кирди.Белгилей кетсек, Бирикке Араб Эмираты бул жолу дүйнөдөгү эң ири алтын медалды чыгаруу менен рекорд койду.Рекордго кирген медалдын салмагы 68 км. диаметри 1,6 м. калыңдыгы 7,7 см. болгон.“Орусиялык Эмираттар” маалымат ресурсу билдиргендей, бул медаль Гиннестин рекорддор китебинин талаптарына ылайык – алтын жалатылган дат баспаган болоттон, ошондой эле сырткы четине оюп түшүрүлгөн жана жалпы узундугу 4 метрлик жасалган.Медалда 2008-жылы…
Прочитайте больше