«Тынчтыктын жеңиши». Кытай Иран менен Сауд Аравияны элдештирди

 Иран менен Сауд Аравия жети жылдык тыныгуудан кийин Кытайдын ортомчулугу менен алакаларды калыбына келтирүү боюнча келишимге кол коюшуп, эки айдын ичинде элчиликтерди ачууну макулдашты.

Бул тууралуу иран маалымат каражаттары маалымдады.

Кытайдын ортомчулугу менен жетишилген элдешүү

Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Шамхани менен анын саудиялык кесиптеши Мусаид аль-Айбан Пекинде бир нече күн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Жыйынтыгында үч тараптуу билдирүү кабыл алынды. Тегеран менен Эр-Рияд дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирип, эки айдын ичинде элчиликтерин ачууну макулдашты.

“Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Иран Ислам Республикасы менен Сауд Аравия Королдугу дипломатиялык мамилелерин калыбына келтирүүгө жана эки айдын ичинде элчиликтерин жана дипломатиялык миссияларын ачууну макулдашышты”, — деп айтылат 6-марттан бери Пекинде жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кол коюлган биргелешкен билдирүүдө.

Докементте мамилелерди калыбына келтирүү боюнча акыркы макулдашуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин демилгеси менен, ошондой эле 2021-жылдын апрелинде Тегеран менен Эр-Рияд үчүн сүйлөшүү аянтчасына айланган Оман менен Ирактын ортомчулугу менен жетишилгени белгиленген.

“Эки өлкө эгемендүүлүк жана бири-биринин ички иштерине кийлигишпөө принциптерин жакташат, ошондой эле 2001-жылдын 17-апрелинде кол коюлган коопсуздук келишимин жана 1998-жылдын 27-майында кол коюлган соода-экономика, маданият, илим жана техника жагынан кызматташтык жөнүндөгү келишимдерди ишке ашырууга умтулушат”, – деп айтылат билдирүүдө.

2022-жылдын декабрында Си Цзиньпин алты жылдан бери биринчи жолу Эр-Риядга расмий сапар менен барган. 2023-жылдын февраль айынын ортосунда Ирандын президенти Ибрахим Раиси Пекинде Кытайдын төрагасы менен жолуккан. Ал эми 2023-жылдын 22-февралында Ирактын борбору Багдадга жасаган иш сапары учурунда Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан Тегеран Эр-Рияд менен мамилелерди калыбына келтирүү үчүн сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрүүгө даярданып жатканын билдирген.

Өз кезегинде Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Аль Сауд 7-мартта Лондондо падышалык “Иран менен диалог үчүн ачык” экенин журналисттерге билдирген.

Дипломатиялык мамилелердин үзүлүшү

Эр-Рияд менен Тегерандын мамилеси 2015-жылдын март айында Сауд Аравия жетектеген коалициянын Йеменде “Ансар Аллахка” (хуситтерге) каршы аскердик операциясын башташы жана 2015-жылы сентябрда Сауд Аравиянын Мина шаарында болгон тыгында жүздөгөн ирандык зыяратчылардын өлүмү Тегеран менен Эр-Рияддын ортосундагы чыңалуунун курчушуна шарт түзгөн.

2016-жылдын январында Сауд Аравиянын Тегерандагы элчилигине жана Мешхеддеги консулдугуна Эр-Риядда белгилүү шиит динаятчы шейх Нимр ан-Нимрдин өлүм жазасына тартылышына нааразы болгон демонстранттар кол салгандан кийин, падышалык Иран менен дипломатиялык мамилесин үзгөн.

2016-жылдын 2-январында Сауд Аравиянын ИИМи шиит диний үгүтчүсү Нимр ан-Нимрди баш кылып 47 кишини өлүм жазасына тартканы тууралуу билдирүү тараткан. Тегеран диний үгүтчүнүн өлтүрүлүшүн катуу сынга алып, Иранда массалык нааразылык акциялар өткөн. Сауд Аравиянын Тегеран жана Мешхед шаарларындагы дипломатиялык мекемелер алардын чабуулуна кабылган. Бул окуяны Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Адель аль-Жубейр Иран менен дипломатиялык мамилени үзүүнүн себеби катары атаган.

Шиит диниятчы Нимр ал-Нимр 2012-жылы өлкөнүн чыгышындагы нааразылык акциялары маалында сауд бийлиги тарабынан кармалган. Ага диний ажырымды күчөткөн деген айып тагылып, 2014-жылы өлүм жазасына кесилген. Адам укугун коргоочу уюмдар диниятчы саясий курмандыкка айланганын, ал адамдарды тынчтык митингдерге гана чакырганын белгилешкен.

Эки өлкөнүн мамилелери алда канча мурда эле калыбына келтирүү мүмкүн эле, бирок ага тоскоол болгон окуялар дайым болуп, мамилелерде улам чыңалуулар жаралып турган.

Өлкөлөрдүн ансыз да чыңалышкан мамилелерин Эр-Рияд тарабынан каржылаган «Iran International» телеканалы да солгундатып турган. Аталган канал 2017-жылы Лондондо Иран өкмөтүнө каршы пропагандалык өнөктүктүн алкагында негизделген.

Канал – Иран калкы үчүн перс тилинде спутник аркылуу телеберүүлөрдү тараткан чет элдик маалымат каражаттарынын бири. Ирандагы нааразылык акциялары учурунда телеканал Иран бийлигинин аракеттерин активдүү сынга алган. 

Иран бийлиги Эр-Рияд бул телеканал аркылуу Ирандын ички иштерине кийлигишип, ирандык жаштарды Ислам Республикасынын мыйзамдуу бийлигине каршы коюуга аракет кылууда деп айыптаган. 

Жакынкы Чыгыштагы геосаясат өзгөрөт

Иран менен Сауд Аравиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирилиши Жакынкы Чыгыштагы күчтөрдүн балансын олуттуу түрдө өзгөртө албаса дагы, жок дегенде аймактагы жагдайды олуттуу түрдө өзгөртүшү мүмкүн.

Айрыкча Йемендеги чыр-чатакты жөнгө салууга, ошондой эле Сирия менен Ливандагы бир катар ички карама-каршылыктарды жөнгө салууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мунун арты менен Эр-Рияд менен Дамасктын ортосундагы дипломатиялык байланыштардын кайра жанданышын да күтсө болот. 

Пекин Жакынкы Чыгышта саясий ишмердүүлүктү активдештирүү үчүн олуттуу аракет кылууда. Мунун баары “Бир алкак-бир жол” экономикалык долбоорун ишке ашыруу боюнча стратегиясынын алкагында болууда. Пекин «акча тынчтыкты сүйөт» дегендей аймакта стабилдүүлүктү түзмөйүнчө бизнести куруу жана экономиканы өнүктүрүү абдан кыйын экенин түшүнөт.

Иранда мамилелердин калыбына келтирилишинин натыйжасында Перс булуңундагы өлкөлөрдөн БАЭ аркылуу эбегейсиз валюталык ресурстардын агылышы күтүлүүдө. Буга байланыштуу Ислам Республикасынын Борбордук банкынын төрагасы Мохаммад Реза Фарзин жакынкы аралыкта Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн бирине барары күтүлүп жатканын өз булактарына таянуу менен “Iranist” басылмасы маалымдады.

Айрым маалыматтарга караганда, иран-сауд келишиминин алкагында Сауд Аравия Иранды террордогон топторду колдоону токтотууга макул болгон. Ошондой эле саудиялык шииттерге коюлган чектөөлөрдү алып салуу жана аларга  Мешхедке барууга уруксат берүү чечими кабыл алынды. Бул келишимде Йемен маселеси өзгөчө орунга ээ.

Кытай Иран менен 20 жылга 400 миллиард долларлык ар тараптуу стратегиялык келишим түзүп, Сауд Аравияга мунай затын АКШ долларына эмес, юанга сатууну сунуштаган.

Мындан тышкары, Пекин менен Эр-Рияд энергетикалык саясат жана чалгындоо жаатындагы координацияны күчөтүү жана ошондой эле аймактагы стратегиялык өнөктөш болууну макулдашты.

Ошондой эле Пекиндин “тынчтыкты сактоо миссиясынын” жыйынтыгы боюнча 10-марттагы Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары Си Цзиньпинди үчүнчү беш жылдык мөөнөткө Кытайдын төрагалыгына бир добуштан кайра шайлаганы да символикалуу. Си Кытайдын тарыхында үч жолу кайра шайланган биринчи төрага болуп калды.

Тынчтыктын жеңиши. Тегеран менен Эр-рияддын элдешүүсүн дүйнө коомчулугу кандай кабыл алды? 

Кытай

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Иран менен Сауд Аравиянын ортосундагы мамилелерди калыбына келтирүү келишимин “тынчтыктын жеңиши” деп атады.

Оман

Сауд Аравия менен Ирандын ортосундагы мамилелердин кайра жанданышы аймактагы коопсуздуктун жана стабилдүүлүктүн негиздерин чыңдоого жардам берет деп үмүттөнөбүз, деп айтылат Омандын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Түркия

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги да Иран менен Сауд Аравиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүү келишимин кубаттады.

Ирак

Ирактын Тышкы иштер министрлиги Иран менен Сауд Аравиянын ортосунда жетишилген келишимди кубаттап, аны эки өлкөнүн дипломатиялык карым-катнаштарынын жаңы барагынын башталышы катары баалашарын билдирди.

Ансаруллах

Йемендик Ансаруллах кыймылынын өкүлү Мохаммед Абдуссалам аймактагы өлкөлөрдүн мамилелеринин калыбына келтирилиши менен Ислам үммөтү чет элдик кийлигишүүлөрдөн, өзгөчө америкалык сионисттик кийлигишүүдөн улам жоготкон коопсуздугуна кайрадан ээ болду деп билдирди.

Анын айтымында, чет элдик кийлигишүү аймактык айырмачылыктарды пайдаланып, Йеменде чыр-чатак жана агрессия жасоо үчүн иранофобияны колдонгон.

Хезболла

Ливандын Хезболла уюмунун башкы катчысы Сейед Хасан Насралла Сауд Аравия менен Ирандын жакындашканы менен байланышкан окуялар жакшы экенин жана ал аймактын тургундарына зыян келтирбей, тескерисинче, аларга пайда алып келерин белгиледи.

“Эгер Сауд Аравия менен Ирандын жакындашуусу кадимки жол менен уланса, бул аймакта жана Ливанда горизонтторду ачышы мүмкүн”, – деди ал.

Россия Иран менен Сауд Аравиянын ортосундагы келишим боюнча азырынча расмий комментарий бере элек. Бирок иран-сауд мамилелердин кайра калыбына келиши Москваны кубантышы мүмкүн. Анткени Россия ар дайым алардын ортосундагы диалогду жактап келген.

Израиль

Израиль эки өлкөнүн алакаларды калыбына келтирүү чечимин башкача кабыл алды.

«Сауд Аравия менен Ирандын ортосундагы келишим Израиль өкмөтүнүн тышкы саясатынын толук жана коркунучтуу ийгиликсиздиги болуп саналат», – деди Израилдин мурдагы премьер-министри Яир Лапид.

Бул боюнча Израилдин дагы бир экс-премьер-министр Нафтали Беннет комментарий берди.

«Сауд-Иран мамилелеринин кайра жанданышы Израиль үчүн олуттуу жана кооптуу окуя жана ал Иран үчүн саясий жеңиш. Бул Иранга каршы аймактык коалиция түзүү аракеттерине өлүм соккусу. Бул Нетаньяхунун өкмөтүнүн олуттуу катасы”, – деди ал. 

АКШ

Вашингтон Иран менен Сауд Аравия дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирип жатканы тууралуу кабардар болгонун Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби билдирди.

“Жалпысынан биз Йемендеги согушту токтотууга жана Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндөгү чыңалууну басаңдатууга багытталган бардык аракеттерди кубаттайбыз”,-деди Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү.

БУУ

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Иран менен Сауд Аравиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин калыбына келишин кубаттап, ал Перс булуңундагы туруктуулук үчүн маанилүү экенин баса белгиледи. Гутерриш сүйлөшүүлөрдү өткөргөн жана эки өлкөнүн ортосундагы диалогго көмөк көрсөткөн Кытайга ыраазычылык билдирди. Башкы катчы башка өлкөлөрдүн, анын ичинде Оман менен Ирактын да аракеттерин жогору баалады.

“Иран менен Сауд Аравиянын ортосундагы жакшы коңшулук мамилелер Перс булуңундагы туруктуулук үчүн маанилүү”, – деп баса белгиледи БУУнун башкатчысы.

Комментарий жиберүү