Айзаданы уурдап кеткен Замирбек өлөр алдында апасына билдирүү жөнөткөн

Айзаданы уурдап, өлтүргөн Замирбек өлөр алдында апасы үчүн бир тууганына аудио билдирүү жөнөткөн.

Замирбектин акыркы аудио билдирүүсүн Kaktus.media жарыялады. 

Билдирүүнүн башында ал бир тууганы менен саламдашып, ал-акыбалын, бардыгынын аман-эсендигин сурайт. Ал апасынын телефон номери өчүк экенин айтып, бир тууганынан апасына аудио билдирүүнү угузуп коюну суранат.

“Апа тынч болуңуздар. Менден өткөн күнөө болсо кечирип коюңуздар. Мен сиздерди каякта болбойун, аркы дүйнөдө боломбу, каякта болбойун мен сиздерге кудайдан тиленем өмүрүңүздөр узун болуп, көп жашаңыздар апа. Кечирип коюңуз мени ушундай бала төрөп койгонуңузга. Мен сүйүп калдым апа. Мен Айзадасыз жашай албайм. Айзаданы ушунча күттүм мен. Айдазаны мен сүйдүм. Башкадан жашайлы, башкадан баштайлы десем дагы болбоду. Бир айтты күт деди, макул деп күттүм. Экинчисинде дагы алдады, дагы күт деди, дагы күттүм. Үчүнчүсүндө мен эч кандай ишене турган эч нерсем жок, мына жанымда олтурат. Дагы дагы суранып атат мына, жалганды айтып. Мен азыр айтып койойун сиздерге, болду, акыркы жолу мени угуп атасыздар. Рахмат бардыгыңыздарга. Мен сиздерди кечирдим, кудай алдында. Сиздер да мени кечирип коюңуздар кудай алдында, менден өткөн күнөөлөр болсо. Менин ошибкаларым болсо, бирок бар-жогуңуздарды жакшы көрөм. Менин жүрөгүмдөсүздөр бар-жогуңуздар”, – деди Замир ыйлап.

Комментарий жиберүү