АКШ орусиялык саясатчыларга жана ишкерлерге каршы жаңы санкцияларды киргизди

АКШ Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго жана орусиялык жети ири ишкерге каршы “толук бөгөт коюучу” санкцияларды киргизгенин билдирди.

Бул тууралуу АКШнын Ак үйү билдиргенин орусиялык басылмалар жазышты.

Санкциялык тизмеде ири ишкерлер Николай Токарев, Борис жана Аркадий Ротенберг, Сергей Чемезов, Игорь Шувалов, Евгений Пригожин жана Алишер Усмановдор бар.

Ошондой эле, тизмедеги Песков менен Усмановдон башкалардын эң жакын туугандары да санкцияга дуушар болушкан.

АКШ Украинадагы окуяларга байланыштуу орусиялык 19 бизнесменге, ошондой эле алардын 47 үй-бүлө мүчөсүнө жана алар менен тыгыз байланышта болгон адамдарга виза чектөөсүн киргизди, деп айтылат Ак үйдүн билдирүүсүндө.

Мындан тышкары, маалыматта “жаңы саясаттынын биринчи кадамы катары” АКШ Орусия Федерациясынын 19 ишкерине, ошондой эле алардын жакындарынан 47 адамга визалык чектөө киргизгени айтылат.

Комментарий жиберүү