АКШ Тажикстандын Улуттук гвардиясына 10 аскердик жол тандабас берди

Тажикстандын Улуттук гвардиясынын автопаркы жаңы жол тандабас унаалар менен толукталды.

АКШнын Душанбедеги элчилиги Тажикстандын Улуттук гвардиясына дээрлик 860 миң долларлык 10 даана “Джип” унаасын белекке берди.

Бул тууралуу маалымат АКШнын Тажикстандагы элчилигинин расмий сайтында жарыяланды.

Унааларды тапшыруу аземине АКШнын Тажикстандагы элчиси Жон Марк Поммершайм жана Улуттук гвардиянын командачысы Бобожон Жамолзода катышты.

АКШ элчисинин айтымында, бул кайрымдуулук Тажикстандын чек арасынын коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Ошондой эле унаалар Улуттук гвардияга чек ара тилкелериндеги катаал рельефте операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берери айтылат.

“1992-жылдан бери АКШ Тажикстанга коопсуздук жаатында 330 миллион доллардан ашык суммадагы жардам көрсөттү. Бул жардам окутууну, жабдууларды жана инфраструктураны камтыйт”, – деп айтылат маалыматта.

Комментарий жиберүү