Бүгүн, 15-апрель эртең менен Иерусалимдеги Аль-Акса мечитинде израил күчтөрү менен кагылышууда 152 палестиналык жабыркады.
Бул тууралуу Палестина автономиясынын өкмөтү социалдык тармактагы расмий баракчасынан билдирди.
Маалыматка ылайык, израил полициясы Аль-Акса мечитине мыйзамсыз кирип, жума намазына чогулган палестиндерди таркатуу үчүн аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ жана резина окторду колдонгон.
Интернет булактарына жарыяланган видеодон Аль-Акса мечитинин израил күчтөрүнүн чабуулунан кийинки абалын, палестиндердин мечиттин ичин тазалап жатканын көрүүгө болот.
Аль-Акса мечити мусулмандар үчүн үчүнчү эң ыйык жай катары саналат.