Армениянын аскерлери Азербайжан армиясынын позицияларын аткылашты

15-июлда саат 14:15 чамасында Армениянын куралдуу күчтөрүнүн Базаркечар районунун Зеркенд айылынын аймагында жайгашкан позицияларынан турган бөлүктөрү Азербайжан армиясынын Кельбажар районунун Юхари Айрим айылы багытындагы позицияларын аткылуоого алышты.

Бул тууралуу 1news.az агенттиги өлкөнүн Коргоо министрлигинин сайтына шилтеме берип жарыя кылды.

Буга Азербайжан армиясы да жооп иретинде ок чыгарды.

Акыркы маалыматтар боюнча, Азербайжан армиясынан каза болгондор жана жаракат алгандар жок. Ал эми Армениянын куралдуу күчтөрүнөн жарат алгандар бар жогу такталган жок.

Былтыр күзүндө 44 күндүк согуштун натыйжасында Азербайжан 30 жыл мурун Армения колдогон армян жикчилдери ээлеп алган Тоолуу Карабак автоном аймагынын бир топ жерлерин кайра кайтарып алган.

7 миңдей адамдын өмүрүн алган согуш Азербайжан, Армения жана Орусия кол койгон келишимден кийин токтогон. Ага ылайык, Ереван этникалык армяндар ондогон жылдан бери көзөмөлдөп келаткан жерлерди коңшу өлкөгө кайтарган. Тынчтык келишиминин алкагында Орусиянын тынчтык күчтөрү Тоолуу Карабактын айланасына жайгаштырылган.

Аталган аймак дүйнө жүзүндө Азербайжандын жери катары саналат. Бирок 1990-жылдардын башынан тарта жикчил армяндар көзөмөлдөп келген.

Согуштан кийин чек арада кырдаал азыр да чыңалган бойдон калууда. Узак мөөнөттүү тынчтык качан орнотулары белгисиз. Анткени маал-маалы менен ок атышуу катталып жатат.

Комментарий жиберүү