Байден Эрдоганга жакын арада армян геноцидин тааныйт урганын эскертти

АКШнын президенти Жо Байден Вашингтон жакынкы мезгилде Осмон империясындагы армян геноцидин тааный тургандыгын Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга билдирди.

Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

“Байден Эрдоганга Армениядагы кыргынды геноцид деп тааный тургандыгын айтты”,- деп жазат Bloomberg.

Буга чейин Ак үй Байден Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, анда Вашингтон менен Анкаранын ортосундагы мамилелерди чыңдоо жөнүндө сөз болгонун билдирген.

Шаршемби күнү “The Wall Street Journal” АКШнын аты аталбаган расмий өкүлдөрүнө шилтеме берип, Байден Осман империясындагы армян геноцидин расмий тааныйын деп жатат деп жазган.

Байден 1915-жылы башталган Осмон түрктөрү тарабынан армяндардын депортацияланышын, ачарчылыкты жана массалык кыргынды геноцид деп атайт.

Байден бул билдирүүнү ишемби күнү жасайт деп күтүлүүдө.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу шейшемби күнү “Haberturk” агенттигине берген маегинде, Байдендин геноцид жөнүндө жасай турган билдирүүсү эки өлкөнүн мамилелерине зыян гана алып келет деп билдирген.

1915-жылы 1,5 миллионго чейин этникалык армяндар өлтүрүлгөн Осмон империясындагы армян элинин геноцид фактысы көптөгөн мамлекеттер тарабынан таанылган. 1965-жылы биринчи болуп Уругвай андан кийин Франция, Италия, Нидерланды, Бельгия, Польша, Литва, Словакия, Швеция, Швейцария, Греция, Кипр, Ливан, Канада, Венесуэла, Аргентина, Бразилия, Чили, Ватикан, Боливия , Чехия, Австрия, Люксембург тааныган. Армян геноцидин ошондой эле Европарламент жана Дүйнөлүк чиркөөлөр кеңеши да тааныган.

Комментарий жиберүү