Баткен жаша! АКШдагы кыргыз диаспорасы БУУнун алдына нааразычылык акциясына чыгышты

Бүгүн, 4-майда Америкадагы кыргыз диаспорасы Бириккен Улуттар Уюмунун Нью Йорк шаарындагы башкы кеңсесинин алдына нааразычылык акциясына чыгышты.

Алар кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу чыр-чатакта тажик тараптын жай тургундарга ок атышын айыпташты.

Акцияга чыккан мекендештер колдоруна чек арада өмүрү кыйылган 13 жашар  Мадинанын жана 4 жаштагы наристе Абидиндин сүрөтүн, кыргыз желегин, “Тажикстан Кыргызстанга кол салганды токтот” жана “Тажикстан оккупацияны токтот” деген ураандар жазылган плакаттарды кармап чыгышып, “Баткен биз силер менен!”, “Баткен жаша!”, “Жерибизди эч кимге бербейбиз!” деген ураандарды чакырышты.

Диаспоранын өкүлдөрү кыргыз элине өз колдоолорун билдиришип, чек арадагы жоготууларга байланыштуу көнүл айтышты.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын Сан-Франциско шаарында жана Германияны бир катар шаарларында жашаган кыргызстандыктар Баткенди колдоп митингге чыгышып, Тажикстандын кол салууларын айыпташкан.  

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 28-апрелде башталган. Ал күнү тараптар бири-бирине таш ыргытышкан. 29-апрель күнү таңга маал ок атышуу учуру катталган. Жаңжалдын чыгышына Көк-Таш айылындагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайында Тажикстандын жергиликтүү бийлиги тарабынан видео байкоочу камера орноткону себеп болгон.
 Окуяда кыргыз тараптан 183 киши жаракат алып, 36 киши каза тапты.

Комментарий жиберүү