БАЭ соту израилдик аялды өлүм жазасына тартты

 Эмираттык маалымат каражаттары израилдик аял баңгизат соодасы үчүн өлүм жазасына кесилгенин кабарлады.

Tasnim News Agency эл аралык тобунун Al-Khalilj Online сайтына шилтеме берүү менен билдиргенине караганда, Бириккен Араб Эмираттарынын соту кечээ оккупацияланган Палестинада жашаган аялды жарым килограмм кокаин сактап жүргөнү үчүн өлүм жазасына кескен.

Өткөн жылы Эмират агенттери “Фада Кейван” деп аталган 43 жаштагы аялды Дубайдагы үйүндө кармашкан.

 Аялдын жактоочусу соттун чечимине каршы чыгуу ниетин билдирип, өкүмдү жокко чыгаруу үчүн Тель-Авивден жана башка бийликтерден жардам сурай турганын билдирди.

Израилдин тышкы иштер министрлиги да бул маселеден кабардар экенин жарыялады.

Фаданын досу да Израилдин бийликтери ага жардам беруу учун куч-аракетин күчөтө тургандыгына үмүттөнгөнүн билдирди.

 Белгилей кетсек, 2019-жылы Орусияда Израилдин жана Американын жарандыгын алган “Нема Ясхар” аттуу аял баңгизат ташыган деп кармалып, Израилдин мурдагы премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кийлигишүүсүнөн кийин орус өкмөтү аны бошоткон.

Комментарий жиберүү