Борбор Азия өлкөлөрү жана Орусия Ооганстан менен чек арада биргелешкен машыгууларды өткөрөт

Жакынкы айларда Борбор Азия өлкөлөрү жана Орусия Ооганстандын чек арасында бир катар биргелешкен машыгууларды өткөрөт. Бул тууралуу Известия басылмасы жазды.

Орусиянын Борбордук аскер округунун командачысы, генерал-полковник Александр Лапин буга чейин Өзбекстан, Орусия, Кыргызстан жана Тажикстандын аймагында жайкы машыгуу мезгилинде (аскерлерде октябрга чейин созулат) тогуз биргелешкен эл аралык машыгуу пландаштырылганын билдирген.

Маневрлар август, сентябрь айларында Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын полигондорунда өтөт.

Машыгууларда негизги басым мыйзамсыз куралдуу топтор менен күрөшүүгө, ошондой эле аймактагы кырдаалды туруксуздаштыруу аракеттерине каршы турууга бурулат.

Машыгуулардын сериясы “Тынчтык Миссиясы-2021” биргелешкен маневрлар менен аяктайт.

Маневрларга мотоаткыч жана тоо бөлүктөрү, аэромобилдик бөлүктөр, атайын багыттагы күчтөр, авиация жана артиллерия, ошондой эле абадан коргонуу күчтөрү катышат.

Эксперттердин айтымында, заманбап шарттарда аскерлер Ооганстандын аймагынан экстремисттердин чабуулун кайтарууга даяр болушу керек.

Комментарий жиберүү