Британиянын 20дай аскери Ооганстандан паранжа кийип качкан

Ооганстандан чыга албай калган 20га жакын британиялык аскерлер аялдын кийимин кийип качууга аргасыз болушкан.

Британиялык аскерлердин Кабулдан эвакуацияланышы боюнча окуяны Daily Express гезити айтып берди.

Кабул талибтердин колуна өтүп жаткан учурда британиянын атайын аба кызматынын (SAS) аскерлери Ооганстанда жашыруун миссияда жүргөн.
Жыйырма аскер кызматкери Ооганстандын түштүгүндө миссияда болгон. Аларга өлкөдөн эвакуациялоо үчүн тик учактар жок экендиги жөнүндө эскертүү келип түшкөндүктөн аскерлер  борборго өз алдынча жетүүгө аргасыз болушкан.

“Аларга операцияны үзгүлтүккө учуратуу жана Кабул аркылуу тез арада эвакуацияга даярдануу керектиги айтылган”, – деди анонимдүү булак.

Аскерлер бардык куралдарын жана атайын техниканы таштоого аргасыз болушкан. Алар өмүрүн сактап калуу үчүн паранжа кийип, такси менен Ооганстандын борборуна жөнөшкөн.

“Кээ бир кооптуу учурлар болгон, бирок согушкерлер да аялдын паранжысын чечүүнү каалашкан эмес”, – деп жазат британиялык маалымат каражаты.

Аскерлер аялдардын кийиминен мекендештеринин жанына жеткенде гана кутула алышкан.

Комментарий жиберүү