Британия Жулиан Ассанжды АКШга экстрадициялоо чечимин чыгарды

Улуу Британиянын ички иштер министри Прити Патель WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды экстрадициялоо тууралуу АКШнын өтүнүчүн колдоду.

“17-июнда магистраттык жана Жогорку сот тарабынан каралгандан кийин Жулиан Ассанжды АКШга экстрадициялоо чечими кабыл алынды. Ассанж мырзада чечимдин үстүнөн даттанууга 14 күн убактысы бар”, – деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Британиялык сот былтыр бул боюнча Вашингтондун өтүнүчүн четке каккан эле. Сот Ассанжды АКШга өткөрүү анын психикалык саламаттыгына залакасын тийгизет деп чечкен болчу.

Кошмо Штаттардын өкмөтү 50 жаштагы австралиялык жаранды WikiLeaks сайтында Ирактагы жана Ооганстандагы согушка байланыштуу 500 миң жашыруун документтерди жарыялап жибергени үчүн сотко берип, кылмыш жоопкерчилигине тартууну көздөп жатат.

Жулиан Ассанждын адвокаттары ал журналист катары иштегенин жана сөз эркиндигинин чегинде корголушу керектигин билдиришүүдө. Алар Ассанж документтерди жарыялоо менен америкалык аскерлердин Ирактагы жана Ооганстандагы мыйзам бузууларын ачыктаган деп эсептешет.

Wikileaks сайтынын Твиттердеги баракчасында Улуу Британиянын ички иштер министринин чечими айыпталып, адвокаттар апелляциялык арыз жазары кабарланды. Мекеме эгер Жулиан Ассанж АКШга экстрадицияланса, ал 175 жылга камаларын, бул Британиянын демократиясы менен сөз эркиндигинин маскара болгон күнү экенин жазды.

Ассанж 2012-жылдан тартып Эквадордун Лондон шаарындагы элчилигинде башпаанек таап келген. Акыры ал Эквадордун бийлиги менен тил табышпай калганда элчиликтен чыгарылган жана 2019-жылы 11-апрелде британ полициясы аны кармаган. Ошондон бери аны АКШга өткөрүп берүү маселеси боюнча сот уланууда.

Сөз эркиндигин жана басма сөз эркиндигин жактоочулар Ассанжды айкындыктын күрөшкери катары коргоого алып келишет. 

Комментарий жиберүү