БУУнун башкы катчысы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча эмне деди?

БУУнун башчысы Антониу Гутерреш Кыргызстан менен Тажикстанды өлкөлөр ортосундагы элдешүүнүн шарттарын сактоого чакырды.

“Башкы катчы эки өлкөнүн лидеринин байланышын жана 1-майда жетишилген ок атууну токтотуу боюнча келишимди кубаттайт. Ал эки тарапты тең жетишилген келишимди сактоо үчүн бардык чараларды көрүүгө чакырат”, — деп билдирди Башкы катчынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик.

Ал “баш катчы ошондой эле БУУ зарыл болгон учурда жардам берүүгө даяр экенин билдиргенин белгиледи.

Буга чейин Гутерреш Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаалды жөнгө салууга жардам берүүгө даяр экендиги маалымдалган.

Бүгүн, 4-майда Америкадагы кыргыз диаспорасы Бириккен Улуттар Уюмунун Нью Йорк шаарындагы башкы кеңсесинин алдына нааразычылык акциясына чыгып, куралдуу чыр-чатакта тажик тараптын жай тургундарга ок атышын айыпташты.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 28-апрелде башталган. Ал күнү тараптар бири-бирине таш ыргытышкан. 29-апрель күнү таңга маал ок атышуу учуру катталган. Жаңжалдын чыгышына Көк-Таш айылындагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайында Тажикстандын жергиликтүү бийлиги тарабынан видео байкоочу камера орноткону себеп болгон.  Окуяда кыргыз тараптан 189 киши жаракат алып, 36 киши каза тапты.

Комментарий жиберүү