БУУ: Дүйнө калкынын 99%ы зыяндуу бөлүкчөлөр бар аба менен дем алышат

 Дүйнө калкынын 99%ы булгануу деңгээли Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун стандарттарынан ашкан жана адамдын ден соолугуна коркунуч туудурган аба менен дем алышат.

Бул тууралуу БУУнун абанын булганыны жана анын кесепеттери тууралуу докладында айтылат.

Маалыматка караганда, учурда дүйнө жүзү боюнча 117 өлкөнүн 6000ден ашык шаарында абанын сапатына мониторинг жүргүзүлүп келет. Абадагы көптөгөн булгоочу заттар төмөн деңгээлде болсо да ден соолукка олуттуу зыян келтирилет. Катуу бөлүкчөлөр өпкөгө терең кирип, кан айлануу системасына, жүрөк-кан тамыр жана дем алуу системаларына таасир этет.

Айрыкча кирешеси төмөн жана орточо өлкөлөрдө абанын майда катуу бөлүкчөлөр жана азоттун диоксиди менен булганышы жогору. Ошондуктан окумуштуулар күйүүчү майларды чектөөгө жана абанын булганышын азайтуу үчүн башка чараларды көрүүгө чакырык таштап жатышат.

Ошондой эле, докладдын авторлору Европа жана Түндүк Америка өлкөлөрү абанын булганышынын узак мөөнөттүү кесепеттерине туш болушарын эскертти.

Тез арада чара көрүлбөсө, абадагы кооптуу бөлүкчөлөрдүн концентрациясы адамдын ден соолугуна, экосистемага, тамак-аш өндүрүшүнө жана климаттын өзгөрүшүнө таасирин тийгизе берет. Европанын экосистемасынын жарымы эвтрофикация коркунучунда турат. Мындан тышкары, 2050-жылдары аймактын калкынын үчтөн бири гана ДСУнун талаптарына жооп берген аба менен дем алып каларын белгилешти.

Маалыматта 2020-жылы атмосферанын микробөлүкчөлөрүнүн булганышы Европада 238 000 өлүмгө себеп болгону айтылат.

Эвтрофикация – сууга “биогендик элементтердин” – азот менен фосфордун кошулмаларынын ашыкча түшүүсүнөн улам суунун сапатынын начарлашы. Талаалардан ашыкча жер семирткичтерди жууп таштоодон улам бул процесстин интенсивдүүлүгү жогорулайт.

Белгилей кетсек, апта башында Бишкек шаары абанын булганышы боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыккан.

Бир нече күн катары менен борбор калаадагы абасындагы PM2.5 концентрациясы көлөмү максималдык көрсөткүчтөн түшпөй, дүйнөлүк рейтингде алдыңкы үчтүктүн катарында болду.

Комментарий жиберүү