БУУ: Израиль менен Палестинанын ортосунда согуш чыгып кетиши мүмкүн

Бириккен Улуттар Уюму сионисттик режим жана палестиналыктар олуттуу согуштун босогосунда турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Акыркы күндөрү Газа жана басып алынган аймактар өз ара чабуулдарды баштады. Сионисттик күчтөр Газадагы аскердик аракеттерин күчөттү. Палестиналык куралчан топтор бешинчи күн катары менен Израилди көздөй ракеталарын учурууда.

Израилдин армиясы жума күнү таңга маал аскердик операцияларга жөө аскерлер дагы тартылганын маалымдады. Бирок аскерлер Газага кирип барган эмес.

Чет элдик маалымат каржаттардын маалыматына караганда, аймак түнү менен бутага алынган. Израиль операциясына кемелерди, аскердик учак менен тик учактарды тарткан.

Израиль аба соккулары менен Газада көп кабаттуу имаратты талкалап, “Хамас” тобунун аскер башчысын жок кылгандан кийин, палестиналык куралчан топтор Израилди көздөй ондогон ракета атышкан. Ракеталар Израилдин бир нече жерине түшүп, Сдерот шаарында бир жаш бала каза тапкан.

Жаңжалда жети израилдик набыт болгон. Газада болсо 65 киши, анын ичинде 14 жаш бала каза тапты.

Мындай масштабдагы тирешүү 2014-жылдан бери орун ала элек болчу. Анда Израилдин армиясы Газадан атылган ракеталарга жооп кылып, аймакта аскердик операция өткөргөн.

Комментарий жиберүү