Владимир Жириновский көз жумду

Орусиянын ЛДПР саясий партиясынын лидери Владимир Жириновский узакка созулган оорудан кийин каза болду. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин билдирди.

«Бул баарыбыз үчүн орду толгус жоготуу. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталат», – деп жазды Володин өзүнүн Telegram-каналына.

Жириновский коронавируска чалдыгып 2-февралда оор абалда Москванын Борбордук клиникалык ооруканасына түшкөн.

Саясатчы көзү тирүү болгондо 25-апрелде 76 жашка чыкмак.

Эске салсак, буга чейин 25-мартта Владимир Жириновскийдин каза болгону тууралуу маалыматтар тарап, кайра Вячеслав Володин тарабынан четке кагылган.

Комментарий жиберүү