Газада абал чыңалууда

Акыркы кездерде сионисттик режимдин Газага жасаган агрессиясы күч алууда.

Сионисттик маалымат булактары акыркы үч күндө Газа тилкесинен оккупацияланган аймактарга 1500дөн ашуун ракета атылды деп болжолдоодо.

Белгилей кетсек, 10-майда башталган сионисттик күчтөрдүн сокууларынан Газадагы палестиналык шейиттердин саны 100дөн ашты.
Газанын Саламаттыкты Сактоо министрлиги ошондой эле 621 адам жаракат алганын жарыялады.

Израиль аскерлери Газанын түндүгүндөгү бутага учактарды жана тик учактарды, ошондой эле танктар менен артиллерияны колдонуп, массалык түрдө ок атышкан.

Буга жооп кылып, Палестинанын куралдуу топтору Израилдин аймагын кайрадан аткылай башташты.

Израиль армиясы Газага 600дөн ашуун чабуул жасаганын, сектордон 1750 ракета учурулгандыгын билдирди.

Комментарий жиберүү